Редакцияот 30.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 30-сентябры № 35

 

“Жер тилкесинин ижара акысын бекитүү жөнүндө”

 

Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн “Демилге” МИ жетекчиси  А.О.Абдраеванын 31.07.2025-жылдагы чыг. № 101 Уюлдук байланыштын базалык станциялары бар компаниялар пайдаланып жаткан  жер тилкеси үчүн ижара  акысынын төлөмүн,  түзүлгөн  ижара келишими аяктагандан тарта көтөрүп берүү жөнүндөгү  кайрылуусун, 09.09.2025-жылдагы объектин ижара наркы жөнүндө №72 каттоо номериндеги корутундуну карап чыгып, учурдагы баалардын өсүшүн эске алып,  муниципалдык ишкананын бюджетин жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктун жетекчиликке алып, Орто-Кайыңды айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1.Орто-Кайыңды айыл аймагынын Суусамыр өрөөнүндөгү Париж Токойлуу участогундагы “Альфа - Телеком” ЖАКнун жайыт аянтында  орнотулган уюлдук байланыштын базалык станциясы үчүн 2025-жылга ижара келишиминин  мөөнөтү аяктаган күндөн тарта пайдаланып жаткан жер тилкесинин ижара акысы ай сайын 10 000 ( Он миң) сомго бекитилсин.

2.Бул токтомду аткаруу “Демилге” МИ жетекчиси А.О. Абдыраевага  милдеттендирилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселеси боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы С.Т. Нуржановго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

К.Мырзагелдиев