Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VII чакырылыштагы кезексиз XXXVIII сессиясынын
2020-жылдын 13-марты № 263/38-7
Талас шаарында короновирус оорусун алдын алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык, Дүйнө жүзүнө өтө тездик менен тарап, коншу мамлекеттерде катталып жаткан короновирус оорусун алдын алууну күчөтүү боюнча Депутаттардын Талас шаардык кенешинин кезексиз 38-сессиясынын күн тартибине сунушталып, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Короновирус оорусу коншу мамлекеттерде катталып жаткандыгына байланыштуу Талас шаарында (Мэр А.Джузупбеков) алдын алуу боюнча иш чаралары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы республикалык штабдын көрсөтмөлөрүнүн алкагында иш аракеттер күчөтүлсүн.
2. Талас шаарында короновирус оорусун алдын алуу жана эрежеге ылайык, санитардык жугушсуздандыруу, дезинфекциялоо иш аракеттерин жүргүзүү үчүн жергиликтүү бюджеттин ар кандай беренесине каралган даталуу күндөргө карата иш чараларды өткөрүүдөн үнөмдөлгөн суммадан, мэрдин резервдик фондусунан, коргоо жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө каралган акча каражаттардын эсебинен тиешелүү жактардан сунушталган сметанын негизинде каржылансын.
3. Талас каржы башкармалыгына (Ниязалив.Ж.М) жергиликтүү бюджетке киргизилген өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго ылайык, тез арада каржылоо жагы милдеттендирилсин.
4. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына ( Н.Мусуралиева) тапшырылсын.
Төраганын орун басары |
| Р. Токтогулова |