Загрузка документа…
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 6-февралы № 15
“Турак жай имараттары жана жайлары үчүн салыктын ставкаларын бекитүү”
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 23 –июль № 136 “Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу, 2025-2027-жылдарга салыктык мезгилде колдонулуучу турак жай имараттары жана жайлары үчүн салыктын ставкаларын бекитүү тууралуу маалыматты талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123-“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “ мыйзамынын 34 - беренесине ылайык Орто-Кайыңды айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн 2025-2027 –жылдары салыктык мезгилде колдонууга турак жай имараттары жана жайлары үчүн салыктын ставкалары 1 кв.м. 15 сом белгиленсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Баязова Ж.Э. жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Мырзагелдиев |