Загрузка документа…
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-марты № 16
“Жайыттарды пайдалануу үчүн жайыт төлөмдөрүн бекитүү”
“Демилге” муниципалдык ишканасынын 2025–жылга жайыттарды пайдалануу үчүн жайыт акысын бекитүү тууралуу маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2009- жылдын 26-январындагы № 30 "Жайыттар жөнүндө" мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 735 токтомунун, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “ мыйзамынын 34- беренесине ылайык Орто-Кайыңды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Жайыттарды пайдалануу үчүн 2025-жылдын 1- март айынан тарта малдын башына акы төлөмү төмөнкү өлчөмдө бекитилсин;
-Бодо мал жана жылкылар 1 жашка чейин 1 башына 70 сом
-Чоң бодо мал жана жылкылар 1 башына 100 сом
-Майда мүйүздүү мал (кой жана эчки) 1 башына 20 сом
2.Орто-Кайыңды айыл өкмөтүндө катталбаган сырттан келген мал үчүн малдын башына акы төлөмү төмөнкү өлчөмдө бекитилсин;
-Бодо мал жана жылкылар 1 жашка чейин 1 башына 140 сом
-Чоң бодо мал жана жылкылар 1 башына 200 сом
-Майда мүйүздүү мал (кой жана эчки) 1 башына 40 сом
3.Жайыт пайдалануучуларга алыскы жайыттка чыгуу эрежеси Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу” боюнча бекитилген Типтүү жобонун неги-зинде жүргүзүлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо “Демилге“ муниципалдык ишканасынын жетекчиси Абдыраева А.О тапшырылсын.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин жер, жайыт архитектура, курулуш,экология боюнча туруктуу комиссия-сына жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Мырзагелдиев |