Загрузка документа…
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-марты № 17
“Жайыттарды мал жаюуга байланышпаган
башка максаттарга пайдалануу үчүн акы төлөөнү бекитүү”
Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнө караштуу “Демилге” МИ жетекчиси Абдыраева А.О. “Жайыттарды мал жаюуга байланышпаган башка максаттарга пайдалануу үчүн акы төлөөнү” бекитип берүү сунушун угуп жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515 “Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө” токтому менен бекитилген “ Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө Типтүү жобонун “ негизинде Орто-Кайыңды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Орто-Кайыңды айыл аймагында жайыт ресурстарын 2025-жылга мал жаюуга байланышпаган башка максаттарга пайдалануу үчүн төлөмдүн наркы 1-гектарга 42 000 миң сом, Суусамыр өрөөнүндөгү жайыт пайдалануунун сезондук мүнөзүнө байланыштуу жайыттарды мал жаюуга байланышпаган башка максаттарда пайдалангандыгы үчүн төлөмдүн наркы 1 гектарга 21 000 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо “Демилге“ МИ жетекчиси Абдыраева А.О. тапшырылсын.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин жер, жайыт архитектура, курулуш, экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Мырзагелдиев |