Загрузка документа…
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-марты № 19
“Таштанды чыгаруу үчүн салык эмес жыйымды
бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы “Салыктык эмес төлөмдөрдү бекитүү жөнүндө” кодексинин 4-бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34 - беренесине ылайык Орто-Кайыңды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Орто-Кайыңды айыл аймагында таштанды чыгаруу үчүн салык эмес жыйым акысы төмөнкү өлчөмдө белгиленсин ;
- жеке жактар үчүн ар бир жашоочуга 15 сом .
- юридикалык жактар үчүн ар бир адамга 25 сом.
2. Таштанды чыгаруу үчүн салык эмес төлөмдөн төмөнкүлөр бошотулсун ;
- 16 чашка чейинки балдар .
- пенсия курагындагы адамдар.
- 1.2. топтогу майыптар.
3. Таштанды чыгаруу үчүн салыктык эмес жыйымды эсептөө жана жыйым акысын төлөө ар-бир жылдын 1-июнь айына чейин жүргүзүлсүн.
6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Баязова Ж.Э жана бюджет маселеси боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын төрагасы Шаршенбиева В.А. жүктөлсүн .
Төрага |
| К.Мырзагелдиев |