Загрузка документа…
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-марты № 20
“Участкалык шайлоо комиссияларына талапкерлерди бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-пунктуна”, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө" Жобосуна жана участкалык шайлоо комиссияларынын курамына көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө протоколдорду жана маалыматтарды карап чыгып Орто-Кайыңды айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Участкалык № 7369, № 7370, № 7371, № 7372, №7373, № 7374 шайлоо комиссияларына талапкерлер № 1, № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Орто-Кайыңды айылдык кеңешинин токтомун, жыйындардын протоколдорун жана бекитилген талапкерлер жөнүндө маалыматтар Панфилов аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Джуматаевага Д.М. жүктөлөт.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Эсен уулу Теңгизге жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Мырзагелдиев |