Загрузка документа…
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-марты № 21
“Акча каражат бөлүп берүү жөнүндө”
Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн СЭӨБ башчысы Машланова Э.М. Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 24-майындагы № 54 “Жарандык коргонуу жөнүндө” мыйзамынын негизинде Панфилов районунда өзгөчө кырдаалдардын же өзгөчө окуялардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу максатында “Кол тийгис” акча каражатынын корун түзүү жөнүндө маалыматын угуп Орто-Кайыңды айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Өзгөчө кырдаалдарда калкты тез арада куткаруу жана материалдык–техникалык, азык-түлүк, медициналык, жеке жана жааматтык коргонуу каражаттарын түзүү үчүн айыл өкмөт башчысынын резервдик фондунан 200,0 миң сом акча каражаты бөлүнсүн.
2.Бул токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Баязова Ж.Э. жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Мырзагелдиев |