Редакцияот 16.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 16-июну № 22

 

“Орто-Кайыңды айыл аймагынын участкалык шайлоо комиссияларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын  Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 4–бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо  комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген шайлоо округдарынын жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чектерин башкаруу тартиби жөнүндө Жобонун талаптарына ылайык, ошондой эле  административдик - аймактык түзүлүштөгү  өзгөрүүлөрдү эске алуу менен  Орто-Кайыңды айылдык кеңеши;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Орто-Кайынды айыл аймагынын  участкалык № 7369, № 7370, №  7371, № 7372, № 7373, № 7374 шайлоо комиссияларынын схемалары  жана чек аралары № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Орто-Кайыңды айылдык кеңешинин токтому  жана бекитилген № 1 тиркеме Панфилов аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айылдык кеңешинин жооптуу катчысы  Джуматаева Д.М.  жүктөлөт.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам .

 

 

Төрага

 

К.Мырзагелдиев