Редакцияот 31.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 31-июлу № 23

“Атайын техниканын кызматына тариф бекитүү”

 

“Демилге “муниципалдык ишканасынын жетекчиси  Абдыраева А.О. муниципалдык ишканага тиешелүү эксковатор – бульдозер тракторунун кызматы үчүн бааларды бекитип берүү жөнүндөгү  2025-жылдын  21-май айындагы  чыгыш № 76 кайрылуу катын карап жана талкуулап чыгып , Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана  жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдары жөнүндө “ мыйзамынын негизинде  Орто- Кайыңды айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.“Демилге” муниципалдык ишканасына тиешелүү Беларус -82.1 экскаватор – бульдозер Амкодор 702 Ев  тракторунун  кызматына акы төлөмү аймактын калкына жана башка субьектилерге 2025-жылдын 1 – апрель айынан  тартып 1 саатына 2000 сом  бекитилсин :

2.Ушул  токтом ченемдик-укуктук  актыларынын  мамлекеттик реестрине каттоо жана киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3 .Бул  токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  жагы “Демилге” муницпалдык ишканасынын жетекчиси Абдыраева А.О жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

К.Мырзагелдиев