Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫ, ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 25-февралы № 01-01/50
Атмосфералык абага булгоочу заттардын чыгындыларын эсептөө методикаларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" мыйзамынын 10, 11-беренелерин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3- мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Төмөнкү методикалар бекитилсин:
- 1-тиркемеге ылайык "ЖЭБдин казандык агрегаттарынан атмосферага булгоочу заттардын дүң эмиссиясын аныктоо методикасы";
- 2-тиркемеге ылайык "Өндүрүмдүүлүгү саатына 30 тоннага чейинки казандарда отунду күйгүзгөндө булгоочу заттардын эмиссиясын эсептөө методикасы";
- 3-тиркемеге ылайык "Машина куруу жана металл иштетүү ишканаларынан булгоочу заттардын эмиссиясын эсептөө методикасы";
- 4-тиркемеге ылайык "Мунай продуктуларын сактоодо углеводороддордун эмиссиясын эсептөө методикасы";
- 5-тиркемеге ылайык "Мунай продуктуларын өндүрүүдө булгоочу заттардын эмиссиясын эсептөө методикасы";
- 6-тиркемеге ылайык "Көмүр өнөр жай ишканалары тарабынан булгоочу заттардын эмиссиясын эсептөө методикасы";
- 7-тиркемеге ылайык “Шина өнөр жайынын, асбест-техникалык жана резина-техникалык буюмдарды чыгаруучу ишканалардын булгоочу заттардын чыгындыларын эсептөө методикасы;
- 8-тиркемеге ылайык "Курулуш материалдарын өндүрүүдө булгоочу заттарды эсептөө методикасы";
- 9-тиркемеге ылайык "Эмерек, фанера жана жыгач-стружка плиталарын өндүрүүдө булгоочу заттарды эсептөө методикасы";
- 10-тиркемеге ылайык "Асфальт-бетон өндүрүшүндө булгоочу заттарды эсептөө методикасы";
- 11-тиркемеге ылайык "Полиграфиялык өндүрүштөрдөгү булгоочу заттардын эмиссиясын эсептөө методикасы";
- 12-тиркемеге ылайык "Сульфат жана сульфит-целлюлоза өндүрүшүндөгү булгоочу заттардын эмиссиясын эсептөө методикасы";
- 13-тиркемеге ылайык "Кийимдерди химиялык тазалоодогу булгоочу заттардын эмиссиясын эсептөө методикасы";
- 14-тиркемеге ылайык "Курулуш материалдары өнөр жайындагы уюшулбаган булактардан чыккан эмиссияларды эсептөө методикасы";
- 15-тиркемеге ылайык "Атмосферанын булганышынын жыйынды эсептөөлөрүн жүргүзүү үчүн көчмө булактардан атмосфералык абага булгоочу заттардын эмиссиясын аныктоо методикасы";
- 16-тиркемеге ылайык "Катуу тиричилик жана өнөр жай калдыктарынын полигондорунан атмосферага булгоочу заттардын эмиссиясынын сандык мүнөздөмөлөрүн эсептөө методикасы";
- 17-тиркемеге ылайык "Тазалоочу курулмалардын объектилеринен чыккан эмиссияларды эсептөө методикасы";
- 18-тиркемеге ылайык "Карьердик машиналар иштегенде уулуу газдардын эмиссиясын эсептөө методикасы";
- 19-тиркемеге ылайык "Технологиялык жабдууларды пайдаланууда атмосферага газ конденсатынын эмиссиясын эсептөө методикасы";
- 20-тиркемеге ылайык "Кудуктарды үйлөтүүдө атмосферага газдын эмиссиясын эсептөө методикасы";
- 21-тиркемеге ылайык "Стационардык дизелдик орнотмолордон атмосферага булгоочу заттардын чыгындыларын эсептөө методикасы".
2. Мамлекеттик экологиялык экспертиза органдары, долбоордун демилгечилери жана иштеп чыгуучулары, атмосфералык абага булгоочу заттардын чыгарылышын эсептөөлөрдү жүргүзүүдө ушул буйрук менен бекитилген методикаларды жетекчиликке алышсын.
3. Атмосфералык абаны коргоо бөлүмүнө:
- ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" токтомуна ылайык расмий жарыялоо боюнча чараларды көрүү;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине нормативдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү;
- буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүү.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
сайта https://mnr.gov.kg/ru/npas 2026-жылдын 26-февралындагы жарыяланды
5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө министрдин орун басары А.К. Раимкуловага жүктөлсүн.
Министри |
| А.Т. Токтобаев |