Редакцияот 31.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 31-июлу № 24

Орто - Кайыңды айыл өкмөтүнүн  социалдык – экономикалык өнүктүрүү программасынын жана

жергиликтүү бюджеттин киреше , чыгаша бөлүгүнүн

2025-жылдын  I- жарым жылдыгына аткарылышы

 

Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн СЭӨБ башчысы Машланова Э.М “Айыл өкмөтүнүн  социалдык – экономикалык  өнүктүрүү программасынын жана жергиликтүү  бюджеттин киреше ,  чыгаша бөлүгүнүн  2025-жылдын I – жарым жылдыгына аткарылышы” боюнча маалыматын угуп, талкуулап чыгып Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-сентябрындагы № 123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын  34- беренесине ылайык  Орто-Кайыңды айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1.Айыл өкмөтүнүн  социалдык – экономикалык өнүктүрүү программасынын жана жергиликтүү  бюджеттин киреше, чыгаша бөлүгүнүн 2025-жылдын I – жарым жылдыгына аткарылышы  жөнүндө маалыматы эске алынсын.

2. Орто-Кайыңды айыл өкмөтү “Демилге” муниципалдык ишканасына калкты сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана калктуу конуштарда санитардык абалды жакшыртуу милдеттерин өткөрүп берүү иштери 2025-жылдын 15-сентябрына чейин аяктасын.

3.Ушул токтом ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине каттоо жана киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Баязовага жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

К.Мырзагелдиев