Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 29-декабры № 845
Республикалык бюджеттин долбоорун түзүү, республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бюджетти аткаруу процессинде каражаттарды кайра бөлүштүрүү тартиби жөнүндө
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин долбоорун түзүүдөгү айрым маселелерди тартипке келтирүү, ошондой эле бюджеттик пландоону регламенттөө процесстерин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 90, 91, 109-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Республикалык бюджеттин долбоорун түзүү, республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бюджетти аткаруу процессинде каражаттарды кайра бөлүштүрүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 248 “Республикалык бюджеттин долбоорун түзүү жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-декабрындагы № 680 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 248 “Республикалык бюджеттин долбоорун түзүү жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 104 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 248 “Республикалык бюджеттин долбоорун түзүү жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 13-январындагы № 1 (3761) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |