Редакцияот 31.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 31-июлу № 25

 

Жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн азайтуу жөнүндө

 

Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн СЭӨБ башчысы Машланова Э.М “Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2025-жылдын 6-айынын эсеби менен  киреше бөлүгүнүн   такталган планы 1533,9 м.с. азайгандыгына байланыштуу”, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн 1533,9 м.с. азайтып берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып Орто-Кайыңды айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 6-айынын эсеби менен бюджеттин киреше бөлүгүнүн такталган планы 1533,9 м.с. азайтылып бекитилсин анын  ичинен киреше салыгы - 250,0 м. с., айыл чарба багытындагы жер салыгы  - 824,5 м.с.,  транспорт салыгы – 459,4 м.с. 

2. Бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн эмгек акы беренесинен - 250,0 м.с., башка курулуштарды сатып алуу  жана куруу беренесинен  - 635,0 м.с., башка курулуштарды сатып алуу жана куруу беренесинен - 628,9 м.с.  азайтуу менен бекитилсин.

3.Ушул токтом ченемдик-укуктук  актыларынын  мамлекеттик реестрине каттоо жана киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек  юстиция башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

4 . Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Баязова Ж.Э  жана  бюджет маселелери боюнча  туруктуу депутаттык  комиссиянын төрагасы  Шаршенбиева В.А. жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

К.Мырзагелдиев