Редакцияот 31.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 31-июлу № 27

 

“Солнышко” бала-бакчасынын имаратын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “ Мүлкккө муниципалдык менчик  жөнүндө”  Мыйзамынын  6- беренесине ылайык жана  Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Баязова Ж.Э. “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 14-мекемесинин  “Солнышко” бала-бакчасынын имаратын муниципалдык менчикке кабыл алуу боюнча маалыматын угуп, талкуулап чыгып Орто-Кайыңды айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине  караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын  № 14-мекемесинин  “ Солнышко” бала-бакчасынын имаратын Орто-Кайыңды  айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине  кабыл алууга макулдук берилсин.

 

2.Орто-Кайыңды айыл өкмөтү «Солнышко» балдар - бакчасынын имаратын белгиленген тартипте муниципалдык менчикке кабыл алуу иштерин жүргүзсүн.

 

3.Ушул токтом ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине каттоо жана киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Баязовага жана социалдык маселелер боюнча  туруктуу депутаттык  комиссиянын төрагасы Абдиманап кызы Сажидага жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

К.Мырзагелдиев