Редакцияот 31.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 31-июлу № 28

 

Аймактык милиция бөлүмүнүн имаратын куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

 

 

Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн жер маселеси боюнча адиси Досмамбетов Э.Д аймактык милиция бөлүмүнүн имаратын куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө маалыматын угуп жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-сентябрындагы № 123 «Жергиликтүү  мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын  34- беренесине ылайык  Орто-Кайыңды айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Вознесеновка айылынын Центральный көчөсүнүн 82/3 дарегинен 0,04 га жер тилкеси аймактык милиция бөлүмүнүн имаратын курууга  бөлүнүп берилсин.

 

2.Ушул токтом ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине каттоо жана киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек  юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Баязовага жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

К.Мырзагелдиев