Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 13-марты № 24
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 751-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
22-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Майыптыгы бар адамдардын укуктарына тийиштүү, коомдук талкуулоо үчүн жарыяланган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору демилгечи тарабынан Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңешке жиберилет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 17-мартындагы № 20 (3780) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 12-февралында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |