Редакцияот 11.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

 IV КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 11-сентябры  № 7/1

 

“Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын

Мыйзамын аткаруу жөнүндө

 

          Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү                   үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын талаптарын, ошондой эле 2024-жылдын 6-декабрындагы  “Тынчтык жөнүндө” №194 Мыйзамын аткаруу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү тапшырмасына ылайык сессияда карап жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айылдык кеңеши, токтом кылат:

 

1.Жумгал районунун Куйручук-Кызарт  айыл аймагында элдик жыйындардын протоколдорунун негизинде элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүгү белгиленсин;

 

2.Куйручук-Кызарт айыл аймагынын 5 айылында (Кызарт, Жаны-Арык, Базар-Турук, Кызыл-Эмгек жана Куйручук) ресторан, кафе жана башка көңүл ачуучу жайлардын иши түнкү саат 22.00 чейин толук токтотулсун;

 

3.Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адисине, айыл башчыларга жана социалдык кызматкерлерине рейддерди график менен уюштуруу жана элге мындан ары дагы түшүндүрүү иштерин жүргүзүп туруу жагы милдеттендирилсин;

 

4.Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Куйручук-Кызарт айыл  аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы К.Э.Жусуповго милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Төрага

Уланбек уулу Жыргалбек