Редакцияот 23.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XII сессиясы

 

2026-жылдын 23-январы № 12/1

 

Баш-Булак айыл аймагындагы “Жаш канат” мектепке чейинки билим берүү уюмундагы балдардын тамак-ашы үчүн төлөмүн бекитүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын  Билим берүү жөнүндө мыйзамынын 2023-жылдын          11-августундагы №179 жобосуна ылайык жана ата-энелердин чогулушунун протоколунун негизинде  карап чыгып жана талкуулап Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊеши,

       

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.“Жаш канат” мектепке чейинки билим берүү уюмундагы балдардын тамак-ашы үчүн төлөмү 1500(бир миң беш жүз) сомго бекитилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары-жооптуу катчысы Н.Бекмуратовго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, билим берүү, саламаттык сактоо, тил жана каада-салт боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

 

А. Бакиров