Редакцияот 11.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН  IV КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 11-сентябры  № 7/3

 

“Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө

 

     Айылдын социалдык-экономикалык ɵнүгүүсүнɵ,коомдук турмушуна кошкон ɵзгɵчɵ салымын,коомдук ишмердүүлүгүн эске алуу менен,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдары жɵнүндɵ” Мыйзамынын  34-беренесин жетекчиликке алып, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кенеши, токтом кылат:

 

1.Жумгал районунун Куйручук-Кызарт  айыл аймагынын Куйручук айылынын тургуну Малабеков Маадан Малабековичтин 8.08.2025-жылдагы кайрылуусу канаттандырылсын;

 

2. Жумгал районунун Куйручук-Кызарт  айыл аймагынын Куйручук айылынын тургуну Малабеков Маадан Малабековичке кɵп жылдар бою айылдын ɵнүгүшүнɵ кошкон зор салымы, коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн Куйручук-Кызарт айыл аймагынын “Ардактуу атуул”наамы ыйгарылсын;

 

3. Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ɵкмɵтү ушул токтомдун негизинде“Ардактуу атуул”наамы жɵнүндɵ күбɵлүк жана белги даярдап, сыйлык тапшыруу аземин уюштурсун;

 

4. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Куйручук-Кызарт айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика, мандат жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

 

Төрага

Уланбек уулу Жыргалбек