Редакцияот 11.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН  IV КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 11-сентябры  № 7/5

 

Куйручук-Кызарт айыл аймагынын Базар-Турук айылындагы ден-соолукту чыңдоо борборуна Жунусов Жайнактын ысымын ыйгаруу жɵнүндɵ

 

Жунусов Жайнак 1937-жылы 12-декабрда Жаны-Арык айылында туулган. “Жаңы-Арык” орто мектебин аяктагандан кийин кооперативдик училиңени аяктап 4-разряддагы жыгач устачылык кесипке ээ болуп, айылда устачылык кесибин аркалаган.

1963-1968 жылдары Фрунзе шаарындагы К.И.Скрябин атындагы Айыл-чарба Институтунун “Агрономия” факультетин бүтүргɵн.

1968-1970-жылдары Кочкор районунун “Сɵң-Кɵл” жана “Теңдик” совхоздорунда  башкы агроному;

1970-1972-жылдары Кочкор районунун айыл чарба башкармасынын башчысы;

1972-1980-жылдары Нарын облусунун айыл чарба башкармасынын башчысынын орун басары;

1980-1982-жылдары Суусамыр ɵрɵɵнүндɵгү жаңы түзүлгɵн “Кызыл-Ой”совхозунда директор;

 1982-1998-жылдары “Кызарт” совхозунда агроном, управляющий болуп эмгектенген. Ардактуу эс алууга чыккандан кийин дагы айылдын коомдук иштерине аралашып, 1998-2000-жылдары Жаны-Арык айылында аксакалдар сотунун тɵрагасы болуп иш алып барган.

 

Айыл тургундарынын кайрылуусун  карап жана жогорудагыларды угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:

 

1.            Куйручук-Кызарт айыл аймагынын Базар-Турук айылындагы ден-соолукту чыңдоо борборуна Жунусов Жайнактын ысымы берилсин жана мындан ары “Жунусов Жайнак атындагы ден-соолукту чыңдоо борбору” болуп аталсын;

 

2. Ден-соолукту чыңдоо борборуна ысымы жазылган тактасын орнотуу жагы Ж.Жунусовдун үй-бүлɵсүнɵ тапшырылсын;

 

3. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Куйручук-Кызарт айыл  аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы К.Э.Жусуповго милдеттендирилсин.

 

 

 

 

  

Төрага

Уланбек уулу Жыргалбек