Редакцияот 26.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы

 

2026-жылдын 26-февралы № 13/5

 

Баш-Булак   айыл аймагындагы Кызыл-Ордо айылынын Ылдыйкы көчөсүнө «Мадалиев Тавалды»  атындагы  көчө деп  ысым берүү  жөнүндө.

                                                                                              

Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын                6-беренесине ылайык жана ошол көчөнүн жашоочуларынын протоколунун негизинде, Кызыл-Ордо айылынын тургуну Мадалиев Тавалдынын  баласы Тавалдиев Абдижапардын арызын карап чыгып жана талкуулап Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешии

       

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Баш-Булак айыл аймагынын Кызыл-Ордо айылынын Ылдыйкы көчөсүнө «Мадалиев Тавалды» атындагы көчө деп ысым берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, билим берүү, саламаттык сактоо, тил жана каада-салт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага:

 

А. Бакиров