Редакцияот 11.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН  IV КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 11-сентябры  № 7/8

 

Жумгал райондук мамлекеттик салык кызматынын зоналык коэффициенттерди бекитүү тууралу сунушун кароо жɵнүндɵ

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдары жɵнүндɵ” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып,Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 388 жана 404-беренелерине ылайык, Жумгал районунун мамлекеттик салык кызматынын 07.07.2025-жылдагы №09-01-1-10-01/470 катынын негизинде Куйручук-Кызарт айыл аймагындагы турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар, калктуу конуштагы жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге зоналык коэффициенттерди (Кз)=1,2 бекитүү боюнча карап чыгып жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:

 

1.Куйручук-Кызарт айыл аймагындагы турак эмес имараттар,курулмалар жана жайлар,калктуу конуштагы жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге зоналык коэффициенттер (Кз)=1,2 болуп бекитилсин;

 

2. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Куйручук-Кызарт айыл  аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы К.Э.Жусуповго милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

  

Төрага

Уланбек уулу Жыргалбек