Редакцияот 14.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН  IV КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 14-октябрындагы   № 8/1

 

 

Куйручук-Кызарт айыл аймагы боюнча IV Элдик Курултайга айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана ɵткɵрүү жɵнүндɵ

    

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы “IV Элдик Курултайды ɵткɵрүү жɵнүндɵ” ПЖ №270 Жарлыгы менен аныкталган 2025-жылдын                22-23-декабрында ɵтүүлүүчү Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегатын  шайлоону уюштуруу жана ɵткɵрүү жɵнүндɵ, Элдик Курултайдын Улуттук кеңешинин 2024-жылдын            21-декабрындагы кабыл алган Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жɵнүндɵ Жобого ылайык уюштуруу жɵнүндɵ маселени карап, айылдык кеңештин депутаттарынын билдирүүлɵрүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:

 

1.Куйручук-Кызарт айыл аймагы боюнча ɵкүлчүлүктүү жыйындын делегаттарынын жалпы саны 50 адамдан түзүлсүн;

 

2.Ɵкүлчүлүктүү жыйынга делегаттарды шайлоо боюнча Куйручук-Кызарт айыл аймагы 1-тиркемеге ылайык тиешелүү аймактарга бɵлүнсүн;

 

3.Коомдоштуктун жыйындарын ɵткɵрүү боюнча уюштуруу комитетинин календарлык планында аныкталган мɵɵнɵткɵ ылайык, жарандардын жыйындарын жана чогулуштарын ɵткɵрүүнүн графиги жана алардан шайлануучу делегаттардын ɵкүлчүлүктүү ченемдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин;

 

4.Ɵкүлчүлүктүү жыйындын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир жыйындарды жана чогулуштарды ɵткɵрүүгɵ жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси 3-тиркемеге ылайык бекитилсин;

 

5.Коомдоштуктун жыйынын жана ɵкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана ɵткɵрүү боюнча 11 адамдан турган жумушчу тобунун курамы 4-тиркемеге ылайык бекитилсин;

 

6.Куйручук-Кызарт айыл аймагында Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегатын шайлоо боюнча ɵкүлчүлүктүү жыйынды ɵткɵрүү 5-тиркемеге ылайык бекитилсин;

 

7. Бул токтомдун аткарылышын ɵзүмɵ калтырам.

 

 

 

 

 

 

  

Төрага

Уланбек уулу Жыргалбек