Редакцияот 14.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН  IV КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 14-октябрындагы   № 8/2

 

 

Нарын облустук “Теңир-Тоо” ɵнүктүрүү фондуна жана Жумгал райондук ɵнүктүрүү фондуна сунушталган долбоорлорду бекитүү жана ɵздүк салымын бɵлүп берүүнү кароо жɵнүндɵ

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Куйручук-Кызарт  айыл ɵкмɵтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:

 

1.Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ɵкмɵтү тарабынан Нарын   облустук                “Теңир-Тоо” ɵнүктүрүү фондуна “Куйручук-Кызарт айыл ɵкмɵтүнүн алдындагы                 “Сɵң-Кɵл” муниципалдык ишканасына экскаватор атайын техникасын сатып алуу” жана “Сɵң-Кɵл” муниципалдык ишканасына жол тегиздɵɵчү (автогрейдер) атайын техникасын сатып алуу” долбоорлорунун иш кагаздары даярдалып сунушталсын;

 

2. Жумгал райондук ɵнүктүрүү фондуна “Куйручук-Кызарт айыл ɵкмɵтүнүн алдындагы “Сɵң-Кɵл” муниципалдык ишканасына таштанды ташуучу (мусоровоз) атайын техникасын сатып алуу” жана “Бетон аралашмасын даярдоочу (автобетонносместитель)атайын техникасын сатып алуу” долбоорлорунун иш кагаздары даярдалып сунушталсын;

 

3.Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ɵкмɵтү тарабынан Нарын облустук                “Теңир-Тоо” ɵнүктүрүү фондуна жана Жумгал райондук ɵнүктүрүү фондуна сунушталган тɵмɵндɵгү долбоорлордун ɵздүк салымы айыл ɵкмɵтүнүн 2026-жылдагы жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдын үнɵмдɵлгɵн акча каражатынан бɵлүнүп берилсин:

 

1)    Куйручук-Кызарт айыл ɵкмɵтүнүн алдындагы “Сɵң-Кɵл” муниципалдык ишканасына экскаватор атайын техникасын сатып алуу” долбоору үчүн 90740 сом;

 

2)    Куйручук-Кызарт айыл ɵкмɵтүнүн алдындагы “Сɵң-Кɵл” муниципалдык ишканасына таштанды ташуучу (мусоровоз) атайын техникасын сатып алуу” долбоору үчүн  35573,5 сом;

          

3)    Куйручук-Кызарт айыл ɵкмɵтүнүн алдындагы “Сɵң-Кɵл” муниципалдык ишканасына жол тегиздɵɵчү унаа (автогрейдер) атайын техникасын сатып алуу” долбоору үчүн 74555 сом;

 

4)    Куйручук-Кызарт айыл ɵкмɵтүнүн алдындагы “Сɵң-Кɵл” муниципалдык ишканасына бетон аралашмасын даярдоочу (автобетонносместитель) атайын техникасын сатып алуу” долбоору үчүн 31846,25 сом;

 

4.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы К.Э.Жусуповго милдеттендирилсин.

 

 

 

 

   

Төрага

Уланбек уулу Жыргалбек