Редакцияот 14.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН  IV КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 14-октябрындагы   № 8/4

 

 

Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн 2025-жылдагы кабыл алынган бюджетинен акча каражатын беренелерге  жылдыруу жɵнүндɵ

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдары жɵнүндɵ” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, айыл ɵкмɵтүнүн финансы-экономикалык  жана социалдык ɵнүктүрүү бɵлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу И.Орозбаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңеши,токтом кылат:

 

1.Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн 2025-жылдагы кабыл алынган бюджетинин Билим берүү тармагынын 2211 беренеси боюнча бɵлүнгɵн акча каражатынын ичинен, 60910 сом акча каражаты билим берүү тармагынын   2222 беренесине жылдырылсын;

 

2.Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн атайын каражатындагы (спец.счет) 2215 беренесиндеги акча каражатынан 46650 сом акча каражаты 2222 беренесине жылдырылсын;

 

3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Куйручук-Кызарт айыл       аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы К.Э.Жусуповго милдеттендирилсин.

 

 

 

 

   

Төрага

Уланбек уулу Жыргалбек