Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-мартындагы N 158 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Барскоон-Бедел автомобиль жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция" мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Барскоон-Бедел автомобиль жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция аталган жолду долбоорлоо жана куруу менен байланышкан ишти уюштурууну жана координациялоону камсыз кылуучу, ошондой эле ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн жана эл аралык кызматташуунун келип чыккан маселелерин чечүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеме болуп саналат.
2. Мамлекеттик дирекция өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Мамлекеттик дирекция юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы бар мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары жана бланктары, эмблемасы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналыгынын системасында алыш-бериш жана башка эсептери бар.
Мамлекеттик дирекциянын уюштуруу-укуктук формасы - мекеме.
4. Мамлекеттик дирекцияны күтүүгө жана техникалык көзөмөлгө кеткен чыгымдар Кыргыз Республикасынын аймагында курулуш продукциясынын наркын аныктоо методикасына ылайык, мамлекеттик мекеменин реалдуу эсептик муктаждыктары боюнча негизги капиталга келип түшкөн инвестициялардын көлөмүнөн (сметалык наркынан) 2,9 пайызга чейинки өлчөмдөгү чыгымдардын ченемдеринин эсебинен жүзөгө ашырылат.
5. Мамлекеттик дирекциянын фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Барскоон-Бедел автомобиль жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция" мамлекеттик мекемеси;
- расмий тилде: государственное учреждение "Государственная дирекция по строительству автомобильной дороги Барскоон-Бедел" при Министерстве транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики.
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ББМД";
- расмий тилде: "ГДББ".
6. Мамлекеттик дирекция Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин стратегиялык инфраструктуралык мааниге ээ долбоорлордун алкагында административдик функцияларды жана башка тапшырмаларын аткара алат.
7. Мамлекеттик дирекциянын жайгашкан жери: Бишкек шаары, Н.Исанов көчөсү, 42.
2-глава. Негизги милдеттери
8. Мамлекеттик дирекциянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- долбоорду ишке ашырууну башкаруу жана жалпы жетекчиликти жүзөгө ашыруу, ошондой эле келип чыккан маселелерди өз убагында чечүү жана долбоорду ишке ашыруунун бардык стадияларында жана объектти пайдаланууга берүүдө тоскоолдуктарды жоюу максатында мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана эл аралык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнү координациялоо;
- долбоорду ишке ашырууда техникалык көзөмөлдү уюштуруу жана контролду жүзөгө ашыруу, бекитилген долбоордук документтерге ылайык көз карандысыз инженердик уюмду, анын ичинде эл аралык эксперттерди тартуу менен, курулуш учурунда объекттердин сапаты, коопсуздугу жана ишенимдүүлүгү боюнча мамлекеттик жана эл аралык стандарттардын сакталышын камсыз кылуу;
- бекитилген долбоордук-сметалык документтердин, контракттык документтердин, колдонуудагы стандарттардын жана ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоо боюнча курулуш-монтаждоо иштеринин сапатын камсыз кылуу боюнча уюштуруу жана контролдоо;
- подрядчылардын жана консультанттардын объектти куруунун уюштуруу-укуктук тартибин сактоо жана аларды кабыл алуу маселелери боюнча ишине туруктуу контролду жүзөгө ашыруу жана координациялоо.
3-глава. Мамлекеттик дирекциянын функциялары
9. Мамлекеттик дирекция жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- Барскоон-Бедел автомобиль жолун долбоорлоо, реконструкциялоо жана куруу боюнча заказчынын функцияларын аткаруу;
- долбоорлордун ишке ашырылышына, түзүлгөн келишимдердин аткарылышына, финансылык жана башка ресурстардын натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүүнү жана контролдоону камсыз кылуу, анын ичинде подрядчиктердин, консультанттардын жана берүүчүлөрдүн иштерди аткаруусунун сапатын жана жүрүшүн контролдоо, долбоордук чечимдерди баалоо, ошондой эле макулдашуулардын жана кол коюлган келишимдердин мазмунунан келип чыккан бардык башка функцияларды аткаруу;
- Барскоон-Бедел автомобиль жолунун курулушунун мөөнөттөрүн жана сапатын долбоордук-сметалык документтерге ылайык, техникалык регламенттердин жана курулуштагы сейсмикалык ченемдердин талаптарын сактоо менен камсыз кылуу, жумушчу чиймелер, иштин көлөмү өзгөргөн учурда тиешелүү органдар менен макулдашуу;
- курулуш-монтаждоо жана башка иштердин түрлөрүн жүргүзүүнү уюштуруу жана башкарууну камсыз кылуу;
- долбоордун финансылык операцияларын жүргүзүүнү контролдоо, анын ичинде бюджетти түзүү жана пландоо, бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук, ички контролдоо жол-жоболору, тышкы аудит, ошондой эле долбоорлорго аудит жүргүзүү жана финансылык отчетторду даярдоо сыяктуу отчеттуулук;
- долбоорлордун коргоо чараларынын аспектилерин башкаруу жана долбоордун алкагында социалдык-экологиялык чөйрөнү жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерин башкаруу маселелерине мониторинг жүргүзүү, ошондой эле коргоо чаралары боюнча документтерди даярдоо жана эл аралык финансы институттарынын социалдык-экологиялык стандарттарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүү;
- макулдашуулардын жана кол коюлган контракттардын, сунуштардын, кызыгуусун билдирүүлөрдүн, баа котировкаларынын резюмелеринин негизинде аткарылган иштерди кабыл алуу жана төлөө боюнча зарыл болгон иш-аракеттерди аткаруу жана тиешелүү тендердик комиссиялардын кароосуна киргизүү үчүн тиешелүү баалоо отчетторун даярдоо;
- илимий-изилдөө, долбоордук-техникалык, технологиялык жана изилдөө долбоорлоруна катышуу;
- жол боюндагы сервисти, мейманкана кызмат көрсөтүүлөрүн, айдоочулар жана жүргүнчүлөр үчүн эс алуу аянтчаларын өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу, техникалык тейлөө жана автомобилдерди оңдоо пункттарын уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды жүзөгө ашыруу.
4-глава. Мамлекеттик дирекциянын укуктары жана милдеттери
10. Мамлекеттик дирекция өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
- Барскоон-Бедел автомобиль жолун долбоорлоодо, реконструкциялоодо жана курууда министрликтер, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүгө;
- Барскоон-Бедел автожолунун техникалык көзөмөлүнө жана курулушуна байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү белгиленген тартипте сатып алууну жүргүзүүгө;
- жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
- Мамлекеттик дирекциянын менчигинде жана (же) оперативдүү башкаруусунда турган мүлккө карата жарандык-укуктук мамилелерди өз атынан түзүүгө, жарандык-укуктук мамилелердин тарабы болууга;
- мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык Барскоон-Бедел автомобиль жолун куруунун алкагында товарларды жеткирүүгө, жумуштарды аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө келишимдерди түзүүгө;
- долбоорлоо жана куруу менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн илимий жана башка уюмдарды, окумуштууларды жана адистерди тартууга;
- курулушу аяктаган объекттерди пайдаланууга кабыл алуу боюнча жумушчу комиссияларды түзүүгө;
- Барскоон-Бедель автомобиль жолун долбоорлоо, куруу жана пайдаланууга берүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди белгиленген тартипте мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана башка уюмдардан суроого жана алууга;
- долбоорлоого жана курууга тышкы жана ички финансылык, техникалык жана башка ресурстарды тартуу боюнча ишти уюштурууга;
- бекитилген иш графигине ылайык бардык курулуш иштеринин белгиленген мөөнөттө аякташын камсыз кылууга.
11. Мамлекеттик дирекция төмөнкүлөргө милдеттүү:
- оперативдүү башкаруу укугунда берилген мүлктүн сакталышы боюнча зарыл чараларды көрүүгө;
- бардык иштегендер үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- түзүлгөн келишимдерге ылайык өз милдеттенмелерин аткарууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык кызматкерлер менен толук эсептешүүгө;
- Мамлекеттик дирекциянын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыз кылууга;
- салыктарды төлөөгө жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө салык отчеттуулугун берүүгө.
5-глава. Мамлекеттик дирекциянын ишин уюштуруу
12. Мамлекеттик дирекцияны Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу башкы директор жетектейт.
Башкы директор жок учурда анын милдеттерин башкы директордун орун басары (башкы инженер) аткарат. Башкы директордун орун басары (башкы инженер) Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
13. Башкы директор:
- Мамлекеттик дирекциянын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат жана Мамлекеттик дирекцияга жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- артыкчылыктуу долбоорлордун тизмегине жана тиешелүү финансы жылына карата Мамлекеттик дирекциянын алдында турган милдеттерге ылайык Мамлекеттик дирекциянын штаттык ырааттамасын жана штаттык санын Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине бекитүүгө киргизет;
- Мамлекеттик дирекциянын компетенциясына кирген оперативдүү, кадрдык, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана башка маселелерди чечүүнү дирекциянын кызматкерлерине тапшырат;
- Мамлекеттик дирекциянын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, аларга Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- Мамлекеттик дирекциянын чыгашалар сметасынын чегинде белгиленген тартипте финансылык каражаттарды тескейт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде аткаруу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Мамлекеттик дирекциянын атынан келишимдерге, макулдашууларга, меморандумдарга жана башка документтерге кол коёт;
- мамлекеттик органдарда, соттордо, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдарда, ошондой эле бардык мекемелерде жана уюмдарда анын компетенциясына кирген маселелер боюнча Мамлекеттик дирекциянын атынан чыга алат;
- коррупцияга каршы мыйзамдардын сакталышын, башкаруучулук жана финансылык процесстердин ачык-айкындуулугун камсыз кылат, долбоорду ишке ашырууда кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алат;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен макулдашуу боюнча Мамлекеттик дирекциянын чыгымдар сметасын бекитет, бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууну, анын ичинде кызматкерлерди күтүүгө жана алардын кызматтык милдеттерине ылайык эмгек акысына экономикалык негизделген чыгымдарды белгилөөнү камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
14. Башкы директордун орун басары (башкы инженер):
- курулуш иштерин пландоону жана ишке ашырууну, подрядчылардын жана техникалык көзөмөл боюнча инженер-консультанттардын ишин контролдоону камсыз кылат;
- аткарылып жаткан курулуш-монтаждоо иштеринин, колдонулган курулуш материалдарынын, буюмдардын жана конструкциялардын жана жеткирилген жабдуулардын долбоордук чечимдерге, стандарттарга жана башка нормативдик документтерге шайкештигин контролдойт;
- өндүрүштүк пландардын аткарылышын, иштердин өндүрүш темптеринин бекитилген графикке шайкештигин, көлөмдөрдүн материалдык ресурстар жана техникалык каражаттар менен комплекттелишинин жүрүшүн контролдойт;
- жумуштарды мөөнөтүндө бүтүрүү үчүн зарыл болгон долбоорлорго өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды киргизет, анын ичинде контракттык баа жана курулушту бүтүрүү мөөнөтү боюнча сунуштарды берет;
- аткарылган жана төлөөгө берилген курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүнүн жана сапатынын, долбоордук-сметалык жана контракттык документтердин шайкештигин контролдойт;
- өндүрүштүк процесстердин натыйжалуулугун жогорулатууга жоопкерчиликти тартат;
- курулуш жана өндүрүштүк иштер жүргүзүлүп жаткан жерлерде жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылат.
15. Мамлекеттик дирекциянын кызматкерлеринин иштөө жана эс алуу режими, жыл сайын акы төлөнүүчү өргүүлөрдү берүү тартиби, аларды социалдык жактан камсыз кылуу, социалдык камсыздандыруу маселелери Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салынат.
6-глава. Эсеп, пландоо, отчеттуулук
16. Мамлекеттик дирекция өз ишинин жыйынтыктарын бухгалтердик эсепке алат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт.
17. Мамлекеттик дирекциянын ишине контролду Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жүзөгө ашырат.
7-глава. Мамлекеттик дирекциянын мүлкү
18. Мүлктү пайдалануунун негизи болуп мамлекеттик менчик болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен Мамлекеттик дирекциянын балансына өткөрүп берилген кыймылсыз мүлк объекттерин, негизги каражаттарды жана башка мүлктү оперативдүү башкаруу укугу саналат. Мүлктү сатуу жана сатып алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
19. Мамлекеттик дирекциянын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле Мамлекеттик дирекциянын өз алдынча балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
20. Мамлекеттик дирекциянын финансылык каражаттарынын булактары болуп Кыргыз Республикасынын аймагында курулуш продукциясынын наркын аныктоо методикасына ылайык негизги капиталга түшкөн инвестициялардын көлөмүнүн (сметалык наркынын) 2,9 пайызына чейинки өлчөмдөгү чыгымдардын ченеминин эсебинен түзүлгөн каражаттар саналат.
8-глава. Мамлекеттик дирекцияны кайра уюштуруу жана жоюу
21. Мамлекеттик дирекцияны кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
22. Мамлекеттик дирекциянын иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.