Загрузка документа…
ЭСЕНАЛЫ ДАЙРАКУНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН IV КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 13-марты № 4/1
Эсеналы Дайракунов айыл аймагындагы турак жай имаратына, курулмага жана жайга мүлк салыгын эсептөө жайларга салыктын ставкаларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Салык кодекси» 379 жана 380 беренелерине киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде, Эсеналы Дайракунов айыл аймагындагы турак жай имаратына, курулмага жана жайга мүлк салыгын эсептөө жайларга салыктын ставкаларына өзгөртүү киргизилгендигине байланыштуу, Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын IV кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын «Салык кодекси» 379 жана 380 беренелерине киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде, Эсеналы Дайракунов айыл аймагындагы турак жай имаратына, курулмага жана жайга мүлк салыгынын базалык наркынын ставкасы 8,41 сом болуп бекитилсин.
2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп,https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын Жерге-Тал айыл аймагынын
айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Ы.Бакаев |