Загрузка документа…
ЭСЕНАЛЫ ДАЙРАКУНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН IV КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 13-марты № 4/3
Эсеналы Дайракунов айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы ирригациялык каналдарды Нарын райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Суу Кодексинин» 161-беренеси, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 11-беренеси жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө» токтомуна ылайык Эсеналы Дайракунов айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы ирригациялыкканалдарды Нарын райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү максатында, Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын IV кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Төмөндөгү таблицага ылайык айыл чарба багытындагы ирригациялыкканалдарды Нарын райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүлүп берилсин;
|
№ | Айылдын аталышы | № | Каналдын аталышы | Айыл өкмөттүн буйругуна ылайык түзүлгөн коммиссия тарабынан аныкталган каналдардын (узундугу, сыйымдуулугу, бетондолгон аралыгы, лоток-труба аралыгы, коргоо зонасы, суугат аянты, курулмалар, көпүрөлөр, суу бөлүштүргүчтөр ж.б) саны | ||||||||||
Каналдын узундугу (км) | Каналдын туурасы (метр) | Каналдын ээлеген жер аянты (га) | Сыйымдуулугу (л/сек) | Сугат аянты (га) | Башкы суу алуучу курулма | Көпүрө унаа өтүүчү | Гидропост | Водовыпуск | Бетон, труба лоток | Сел өткөрүүчүкурулма
| ||||
1 | Жалгыз-Терек | 1 | Ак-Чий | 14,113 | 14,5 | 20,46 | 300 | 503 | 1 | 4 | - |
| + | 1 |
2 | Жерге-Тал | 1 | Көк-Чап | 3,574 | 11 | 3,93 | 200 | 94 | - | 5 | - | 7 | - | - |
3 | Жерге-Тал | 2 | Баскыя | 6,878 | 14,5 | 9,97 | 200 | 132 | 1 | 2 | 1 | 5 | + | - |
4 | Жерге-Тал | 3 | Арал | 3,5 | 9 | 3,15 | 100 | 67 | 1 | 2 | - | - | - | - |
5 | Жерге-Тал | 4 | Тогуз-Булак | 8,136 | 14,5 | 11,79 | 400 | 233 | 1 | 3 | 1 | 5 | - | 2 |
6 | Жерге-Тал | 5 | Кыр-Жол | 5,3 | 14,5 | 7,68 | 150 | 45 | 1 | 5 | 1 | 7 | - | - |
7 | Жерге-Тал | 6 | Тектир | 3,344 | 14,5 | 4,85 | 50 | 25 | - | - | - | - | - | - |
8 | Жерге-Тал | 7 | Кажырты | 2,733 | 14 | 3,82 |
| 282 | - | - | - | 3 | - | - |
9 | Кызыл-Жылдыз | 1 | Р-1, Р2 РЗ | 5,424 | 11 | 7,71 |
| 725 | 1 | 4 | 1 | 7 | + | 2 |
10 | Казан- Куйган | 1 | Казан- Куйган | 9 | 14,5 | 13,05 | 300 | 166 | 1 | 4 | - | - |
| 1 |
11 | Казан- Куйган | 2 | Кара-Талаа | 10,216 | 7 | 7,18 |
| 960 |
| 5 |
|
| + |
|
| Жалпы |
| 11 | 72,208 |
| 93,59 |
| 3232 | 7 | 34 | 4 | 34 |
| 6 |
2.Каналдарды өткөрүп берүүдө тиешелүү документтери менен иш алып баруу жагы Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Айыл чарбасы жана мал чарбачылыгы боюнча жетектөөчү адиси А.Мукаш уулуна тапшырылсын.
3.Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Ы.Бакаев |