Редакцияот 18.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭСЕНАЛЫ ДАЙРАКУНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VI КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 18-апрели   № 6/4

 

Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын калкы үчүн үчүүчү таза сууну керектөөнүн нормаларын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34- беренеси, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы «Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө» №320 токтому  жана «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишканасынын 2025-жылдын 18-апрелиндеги №17 сандуу жазган кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын VI кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдарында ичүүчү таза суу менен камсыз кылууну өнүктүрүү программасы жана санитария үчүн суу менен жабдууну борборлоштурулган тутумуна туташтырылган канализациясы жок ичүүчү таза суунун нормалары төмөндөгүдөй бекитилсин;

 

№

Суу пайдалануучулардын түрлөрү

Суткалык норма 1 жанга (литр)

1

Үйдүн, короонун ичине кирген суу

60 л

2

Сырттагы колонкадан алып ичкендерге

35 л

3

Мектеп жана бала бакча

25 л

4

ГСВ, ФАП

25 л

5

Мончо

80 л

6

Боркана (бодо мал)

90 л

7

Майда жандык

40 л

 

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Р.Миназаровго тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жага Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

Ы.Бакаев