Редакцияот 18.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭСЕНАЛЫ ДАЙРАКУНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VI КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 18-апрели   № 6/6

 

“Таза Жерге-Тал” муниципалдык ишканасынын техникалык базасын чыңдоого келген техникалардын кызмат көрсөтүү наркын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренеси жана жана «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишканасынын балансындагы спецтехникалардын кызмат көрсөтүү наркын бекитүү жөнүндөгү 2025-жылдын 17-апрелиндеги №5 сандуу кайрылуу катынын карап жана талкуулап, Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын VI кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишканасынын балансындагы спецтехникалардын кызмат көрсөтүү наркы төмөндөгүдөй бекитилсин;

 

№

Техниканын аталышы

Кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы

Наркы

1

HOWO, Фронталдык погрузчик

КР Президентинин 109 жана 56 Жарлыктарына ылайык бузуу иштери

2500  сом

(1 рейс)

2

HOWO, Фронталдык погрузчик

Башка максаттар боюнча кызмат көрсөтүү айыл аймак ичинде

3000 сом

(1 рейс)

3

HOWO

Нарын шаарынан айыл аймака кызмат көрсөтүү (инерттик материалдарды жана башка кызмат көрсөтүүлөр)

8000 сом

(1 рейс)

 

2. Көрсөтүлүүчү кызматтардын наркы жөнүндө элге маалымат берилсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Р.Миназаровго милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Төрага

Ы.Бакаев