Загрузка документа…
|
| Тиркеме 18 (Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2026-жылдын 25-февралындагы № 01-01/50 буйругуна) |
КАРЬЕРДИК МАШИНАЛАР ИШТЕГЕНДЕ УУЛУУ ГАЗДАРДЫН ЭМИССИЯСЫН ЭСЕПТӨӨ МЕТОДИКАСЫ
Автоунаалардан чыккан газдардын санын болжолдуу эсептөө таблицада келтирилген эмиссиянын коэффициенттерин колдонуу менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
|
| 1-таблица |
Т.и.№ | Зыяндуу заттын аталышы | Кыймылдаткычтардан зыяндуу заттардын чыгышы | |
карбюратор | дизель | ||
1 | Көмүртек оксиди | 0,6 т/т | 0,1 т/т |
2 | Углеводороддор | 0,1 т/т | 0,03 т/т |
3 | Азот диоксиди | 0,04 т/т | 0,04 т/т |
4 | Көө | 0,58 кг/т | 15,5 кг/т |
5 | Күкүрт диоксиди | 0,002 т/т | 0,02 т/т |
6 | Коргошун | 0,3 кг/т | - |
7 | Бенз(а)пирен | 0,23 г/т | 0,32 г/т |
Атмосферага бөлүнгөн зыяндуу заттардын көлөмү күйүүчү майдын чыгымын тонна менен тиешелүү коэффициенттерге көбөйтүү жолу менен аныкталат. Айрым унаалар боюнча күйүүчү майдын чыгымдары таблицада көрсөтүлгөн.
|
| 2-таблица |
Т.и.№ | Унаанын маркасы | Күйүүчү майдын түрү | Күйүүчү майдын чыгымы, т/саат |
1 | КАМАЗ - 511 | дизель | 0,013 |
2 | КРАЗ-256 Б-1 | дизель | 0,019 |
3 | ЗИЛ ММЗ - 555 | бензин | 0,014 |
Атмосферага бөлүнгөн уулуу заттардын көлөмүн стационардык булактардан (сыноо стенддеринен, дизелдик түзүлүштөрдөн ж.б.) эсептөө өзүнчө жүргүзүлүшү керек.