Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 6-февралы № 3/11
Кара-Суу шаарынын аймагында мүлк салыгын бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Салык кодекси жөнүндө” Мыйзамынын 379-380 беренелеринин негизинде Кара-Суу шаар мэриясынын 2025-жылдын 22-январындагы №01-13/114 сандуу катын карап жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Шаар аймагындагы турак жай имараттары жана мүлк салыгы үчүн салыктын өлчөмү 25,16 сом болуп бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышы шаар мэриясынынын финансы-экономика бөлүмүнө, көзөмөлдөө шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын..
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |