Редакцияот 06.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги сегизинчи сессиясы

 

2025-жылдын 6-октябры № 50

 

Жекенди айылдык өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинен эконом болгон 338500 сом акча каражатын жылдыруу жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы № 59 Бюджет кодексинин 78-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры №123 Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Жекенди айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги сегизинчи сессиясы, токтом кылат:

 

1.Жекенди айылдык өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинен эконом болгон 338500 сом акча каражатын жылдыруу жөнүндө.

2. Жекенди айылдык өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү 1 тиркемеге ылайык өзгөртүү киргизилсин.

3.Тийиштүү документтерди бүтүрүү жана акча каражатын бөлүп берүү жагы Жекенди айылдык өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы С.Маматовго тапшырылсын.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча комиссиянын төрагасы А.Амирбековго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Н.Мурзапар уулу