Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 24-марты № 190-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине ылайык:
1. 2025-жылдын 26-июнунда кол коюлган, 1993-жылдын 22-январындагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго жана 2002-жылдын 7-октябрындагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти (макулдашуу боюнча) жогоруда аталган конвенцияларды ишке ашыруу үчүн жооптуу мамлекеттик органдар болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын “24”марты № 190-т тескемеси менен жактырылган
|
2025-жылдын 26-июнунда кол коюлган, 1993-жылдын
22-январындагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго жана 2002-жылдын 7-октябрындагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу
1993-жылдын 22-январындагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол жана 2002-жылдын 7-октябрындагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол (мындан ары – Протоколдор) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 1-октябрындагы № 233 тескемеси менен жактырылган жана 2025-жылдын 26-июнунда кол коюлган.
Протоколдор жашы жете элек балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
Протоколдордо жашы жете элек балдарга алиментти өндүрүү жөнүндө соттун буйруктарын (соттун буйругу жөнүндө аныктамаларды) таанууну жана аткарууну жөнгө салуучу ченемдерди киргизүү бөлүгүндө аталган Конвенцияларга өзгөртүүлөрдү киргизүү, чечимди же соттун буйругун таануу жана аткаруу жөнүндө өтүнүчкө тиркөө зарыл болгон документтердин тизмегин тактоо, келишим түзүүчү тараптын улуттук мыйзамдарына ылайык соттун буйругунун көчүрмөсүн карызкорго тапшыруу же жиберүү фактысын ырастоонун так тартибин белгилөө каралат.
Бул өзгөртүүлөрдү ишке киргизүү жашы жете элек балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо конвенцияларга катышкан өлкөлөрдүн компетенттүү органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, алименттик милдеттенмелерди ыкчам аткарууну камсыз кылууга, ошондой эле укуктук жардам көрсөтүү чөйрөсүндө кызматташуунун эл аралык-укуктук базасын чыңдоого мүмкүндүк берет.
Сунушталган Протоколдор Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
Протоколдорду кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс кесепеттерге алып келбейт.