Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 27-марты № 32
2022-жылдын 17-июнунда Женева шаарында Дүйнөлүк соода уюмунун Министрлер конференциясынын он экинчи сессиясында кабыл алынган Дүйнөлүк соода уюмун түзүү жөнүндө Марракеш макулдашуусуна (Балык уулоо жаатындагы субсидиялар жөнүндө макулдашуу) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2022-жылдын 17-июнунда Женева шаарында Дүйнөлүк соода уюмунун Министрлер конференциясынын он экинчи сессиясында кабыл алынган Дүйнөлүк соода уюмун түзүү жөнүндө Марракеш макулдашуусуна (Балык уулоо жаатындагы субсидиялар жөнүндө макулдашуу) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмуна кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 5-мартында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |