Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 27-февралы № 122-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык:
1. 2025-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин кампусун куруунун шарттары жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-февралындагы № 122-т тескемеси менен жактырылган |
2025-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин кампусун куруунун шарттары жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу
Россия Федерациясынын Президенти В.В.Путиндин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында 2025-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин кампусун куруунун шарттары жөнүндө макулдашуу жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге карама-каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык көрсөтүлгөн Макулдашуунун долбоору ага кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары менен макулдашылган.
Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 1016-т тескемеси менен жактырылган.
Кол коюлган Макулдашуунун негизги максаты болуп жогорку билим берүүнүн жана илимий иштин сапатын жогорулатуу, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде Кыргыз Республикасында долбоордук кубаттуулугу 15000 билим алуучу студентке Кыргыз-Россия Славян университетинин кампусун куруу, объектти заманбап материалдык-техникалык жабдуулар менен камсыз кылуу; объекттерди долбоорлоо, куруу, көзөмөлдөө, каржылоо жана пайдаланууга берүү бөлүгүндө тараптардын аракеттерин координациялоо үчүн көрсөтүлгөн университеттин заманбап билим берүү, илимий жана социалдык инфраструктурасын түзүү саналат.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык бул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Бул иш-чараларды ишке ашыруу аймактарында кампус куруу каралып жаткан тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан тиешелүү жылдарга республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат.
Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир терс социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык, финансылык же экономикалык кесепеттерге алып келбейт.