КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 19-февралы № 195-VIII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековнаны Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасынын кызмат ордуна шайлансын.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 17-декабрындагы № 9-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна - № 23 көп мандаттуу шайлоо округунан, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагалыгына;".
3. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
а) 2-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна - № 23 көп мандаттуу шайлоо округунан, депутаттык топторго кирген эмес;";
б) 6-пунктчанын он бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| М.А. Маматалиев |