Редакцияот 05.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 5-марты № 258-VIII

"2022-жылдын 11-ноябрында Самарканд шаарында кол коюлган 2009-жылдын 3-октябрындагы Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуусунун кеңешин түзүү жөнүндө Нахчыван макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2026-жылдын 29-январындагы чыг. № 15-776) "2022-жылдын 11-ноябрында Самарканд шаарында кол коюлган 2009-жылдын 3-октябрындагы Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуусунун кеңешин түзүү жөнүндө Нахчыван макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрагасынын биринчи орун басары

 

М.К. Алиев