Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 31-марты № 119
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 457 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
«41. Жер участокторун легалдаштыруу маселелерин кароо боюнча мамлекеттик комиссиянын катчылыгынын функциялары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүүчү түзүмдүк бөлүмүнө жүктөлсүн.»;
– жогоруда аталган тескеменин тиркемеси ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
| Тиркеме
«Тиркеме |
Жер участокторун легалдаштыруу маселелерин кароо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамы
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө маселелерин тейлөөчү орун басары, Мамлекеттик комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары, Мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары;
Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Бишкек шаарынын мэринин орун басары;
Ош шаарынын мэринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн аймактарды өнүктүрүү секторунун башчысы;
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлү.».