Загрузка документа…
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-мартындагы № 199 токтомуна) |
Балдарды багуу боюнча ишти жүзөгө ашырган интернат тибиндеги балдар мекемелерин, майыптыгы бар
адамдарга (балдарга) жана улгайган жарандарга кызмат көрсөтүүчү стационардык, жарым-жартылай стационардык социалдык тейлөө мекемелерин (уюмдарын) менчигинин формасына карабастан аккредитациялоо жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Балдарды багуу боюнча ишти жүзөгө ашырган интернат тибиндеги балдар мекемелерин, майыптыгы бар адамдарга (балдарга) жана улгайган жарандарга кызмат көрсөтүүчү стационардык, жарым-жартылай стационардык социалдык тейлөө мекемелерин (уюмдарын) менчигинин формасына карабастан аккредитациялоо жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) интернат тибиндеги балдар мекемелерин, стационардык жана жарым-жартылай стационардык социалдык тейлөө мекемелерин (уюмдарын) аккредитациялоодон өткөрүүнүн негизги принциптерин, милдеттерин, талаптарын, тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
интернат тибиндеги балдар мекемелери – менчигинин формасына карабастан турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызмат көрсөтүүчү жана балдардын күнү-түнү болуусу үчүн арналган мекемелер;
стационардык, жарым-жартылай стационардык социалдык тейлөө мекемелери (уюмдары) – менчигинин формасына карабастан майыптыгы бар адамдарга (балдарга) жана улгайган жарандарга кызмат көрсөтүүчү социалдык стационардык мекемелер, социалдык-реабилитациялоо борборлору жана күндүз боло турган социалдык жактан тейлөө борборлору;
аккредитациялоо субъекти – менчигинин формасына карабастан турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызмат көрсөтүүчү интернат тибиндеги балдар мекемелери, ошондой эле майыптыгы бар адамдарга (балдарга) жана улгайган жарандарга мамлекеттик социалдык заказдын алкагында кызмат көрсөтүүчү же мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын, же болбосо башка каражаттардын эсебинен каржылануучу стационардык, жарым-жартылай стационардык социалдык тейлөө мекемелери (уюмдары);
аккредитациялоо – аккредитациялоо субъектин баалоо жол-жобосу, анын натыйжалары боюнча аккредитацияланган уюмдун белгиленген талаптарга ылайык келерин ырастаган аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк берилет;
аккредитацияланган уюм – ыйгарым укуктуу орган тарабынан турмуштук оор кырдаалда турган балдарга, улгайган жарандарга жана майыптыгы бар адамдарга (балдарга) кызмат көрсөтөт деп таанылган жана белгиленген тартипте аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк алган уюм;
ыйгарым укуктуу орган – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу жана балдарды коргоо чөйрөсүндө, ошондой эле майыптыгы бар адамдарга жана улгайган жарандарга карата мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган;
аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк – стационардык, жарым-жартылай стационардык социалдык тейлөө мекемелеринин (уюмдарынын) кызмат көрсөтүүлөрүн алуучу турмуштук оор кырдаалда турган балдарга жана майыптыгы бар адамдарга (балдарга), улгайган жарандарга сапаттуу кызматтарды көрсөтүү үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан аккредитациялоо субъекттерине ишти жүзөгө ашырууга берилүүчү расмий документ;
баалоо – аккредитациялоо субъектинин кызмат көрсөтүүлөрүнүн Кыргыз Республикасынын социалдык тейлөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген талаптарга сапаттык жана сандык жактан ылайык келүүсүн аныктоо боюнча иш-аракет;
баалоо жөнүндө отчет – аккредитациялоо субъектинин балдарды багуу жана майыптыгы бар адамдарга (балдарга), улгайган жарандарга кызматтарды көрсөтүү боюнча кесиптик ишин ырастоо үчүн ыйгарым укуктуу органга эксперттик топ тарабынан берилүүчү баалоонун натыйжалары тууралуу документ.
3. Аккредитациялоонун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
– турмуштук оор кырдаалда турган балдарга, майыптыгы бар адамдарга (балдарга) жана улгайган жарандарга сапаттуу кызматтарды көрсөтүүнү камсыз кылуу;
– аккредитацияланган уюмдардын ишинин квалификациясынын деңгээлин аныктоо;
– турмуштук оор кырдаалда турган балдарга, майыптыгы бар адамдарга (балдарга) жана улгайган жарандарга кызматтарды көрсөтүү тармагында атаандаштык чөйрөнү өнүктүрүү.
4. Аккредитациялоо төмөнкү принциптерге негизделет:
– аккредитациялоо жол-жоболору жана критерийлери жөнүндө маалыматтардын жеткиликтүүлүгү;
– аккредитациялоодон өткөрүүнүн ачык-айкындыгы;
– аккредитациялоодон өткөрүүдө дискриминацияга жол бербөө;
– аккредитациялоо системасынын бирдиктүүлүгү жана бүтүндүгү.
5. Төмөнкү мекемелер (уюмдар) аккредитацияланууга тийиш:
– менчигинин формасына карабастан, турмуштук оор кырдаалда турган балдарды багуу, тарбиялоо жана социалдаштыруу боюнча ишти жүзөгө ашырган интернат тибиндеги балдар мекемелери;
– майыптыгы бар адамдарга (балдарга) жана улгайган жарандарга мамлекеттик социалдык заказдын алкагында кызматтарды көрсөтүүчү же мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан эсебинен каржылануучу стационардык жана жарым-жартылай стационардык социалдык тейлөө мекемелери (уюмдары).
Майыптыгы бар адамдарга (балдарга) жана улгайган жарандарга кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан тышкары, башка каражаттардын эсебинен каржылануучу стационардык, жарым-жартылай стационардык социалдык тейлөө мекемелерин (уюмдарды) аккредитациялоо ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт.
6. Аккредитациялоо аккредитациялоо субъекттери кызмат көрсөтүүнү баштаганга чейинки баштапкы аккредитациялоого жана үч жылда кеминде бир жолу өткөрүлүүчү кайталап аккредитациялоого бөлүнөт.
7. Аккредитациялоо субъекттеринин арызын кароонун жана алар боюнча чечим кабыл алуунун жалпы мөөнөтү 40 жумуш күндү түзөт.
8. Аккредитациялоо субъекттерине коюлуучу негизги талаптар:
– аккредитациялоо субъектинде кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды кабыл алуу боюнча Кыргыз Республикасынын социалдык тейлөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарын сактоо;
– мекемелерде балдарды багуу, тарбиялоо, өнүктүрүү жана социалдаштыруу боюнча минималдык стандарттарга ылайык балдарга кызматтарды көрсөтүү;
– майыптыгы бар адамдарга (балдарга) жана улгайган жарандарга стационардык жана жарым-жартылай стационардык мекемелерде кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик минималдык социалдык стандарттарга ылайык кызматтарды көрсөтүү;
– аккредитациялоо субъектинде кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу.
2-глава. Ыйгарым укуктуу органдын жана аккредитациялоо субъектинин укуктары жана милдеттери
9. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
– юридикалык жана жеке жактардан аккредитациялоо субъекттеринин иши жөнүндө маалыматтарды белгиленген тартипте сурап алууга;
– аккредитациялоо субъектине баалоо жүргүзүүгө;
– аккредитацияланган аккредитациялоо субъекттерине мониторинг жүргүзүүгө;
– мамлекеттик жана сот органдарына, ошондой эле коомчулукка аккредитацияланган субъекттер тууралуу маалымдоого.
10. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкү милдеттерди аткарат:
– аккредитациялоо субъекттерин аккредитациялоону жүзөгө ашырат;
– аккредитациялоо же аккредитациялоодон баш тартуу, аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн жарактуулугун токтотуп туруу же калыбына келтирүү тууралуу чечим кабыл алат;
– аккредитацияланган уюмдарга аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктү жана ыйгарым укуктуу органдын аккредитациялоо тууралуу чечиминин көчүрмөсүн берет;
– аккредитациялоо боюнча комиссиянын курамын бекитет;
– эксперттик топтун курамын бекитет;
– аккредитациялоо боюнча комиссиянын жыйналышын уюштурат.
11. Аккредитациялоо субъекти төмөнкүлөргө укуктуу:
– аккредитациялоо жол-жоболору жөнүндө толук жана анык маалымат алууга;
– баалоо жөнүндө отчеттун жана эксперттик топтун корутундусунун көчүрмөсүн алууга;
– ыйгарым укуктуу органдын аккредитациялоо же аккредитациялоодон баш тартуу, аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн жарактуулугун токтотуп туруу же калыбына келтирүү тууралуу чечиминин көчүрмөсүн алууга.
12. Аккредитациялоо субъекти төмөнкүлөргө милдеттүү:
– баалоо жүргүзүүдө эксперттик топко тоскоолдук кылбоого;
– кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды кабыл алууда Кыргыз Республикасынын социалдык тейлөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарын сактоого.
3-глава. Аккредитациялоодон өткөрүү тартиби
13. Ыйгарым укуктуу орган аккредитациялоо субъекттеринен аккредитациялоо жөнүндө арыздарды кагаз жүзүндө же «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу электрондук түрдө кабыл алат.
14. Аккредитациялоодон өтүү үчүн аккредитациялоо субъекти ыйгарым укуктуу органга төмөнкү документтерди тапшырат:
1) ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген форма боюнча аккредитациялоо жөнүндө арызды;
2) аккредитациялоо субъектинин жетекчиси тарабынан күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин жана юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрүн;
3) салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин көрсөтүү менен арыз берүүчүнү статистика, салык органдарында, социалдык камсыздандыруу органында каттоого коюу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрүн;
4) ишти жүзөгө ашыруу үчүн жайларды пайдалануу укугун ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн;
5) аккредитациялоо субъектинин жетекчиси жана кызматкерлери жөнүндө маалыматты (паспорттун көчүрмөсү, билими жөнүндө документ, соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат, психоневрологиялык жана наркологиялык диспансерлерден маалымкат);
6) өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн аймактык мамлекеттик органдарынын кызмат көрсөтүү үчүн жайлар жөнүндө корутундуларынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн;
7) аккредитациялоо субъекттери тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмегин;
8) жалпы маалыматты (кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын саны жөнүндө, аларды багууга жумшалган чыгымдар жөнүндө маалыматтар, көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмеги).
Ушул пункттун 5–8-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтер аларда белгиленген жарактуу мөөнөтү бүткөнгө чейин жарактуу болуп эсептелет. Жарактуу мөөнөтү белгиленбеген документтер ыйгарым укуктуу органга берилген күндөн тартып 12 айдын ичинде жарактуу.
Көрсөтүлгөн документтерди кабыл алуу ошондой эле «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларынан алынган маалыматтардын негизинде жүзөгө ашырылат.
15. Ыйгарым укуктуу орган ушул Жобонун 14-пунктунда көрсөтүлгөн арыз жана документтер кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде аккредитациялоо субъектине документтердин кароого кабыл алынганы жөнүндө кабарлайт.
Ушул Жобонун 14-пунктунда көрсөтүлгөн аккредитациялоо үчүн керектүү документтер (документ) тапшырылбаган учурда, ыйгарым укуктуу орган аккредитациялоо субъектине документтерди (документти) берүү зарылдыгы жөнүндө кабарлоону жөнөтөт.
Эгерде, аккредитациялоо жөнүндө арыз кабыл алынган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде аккредитациялоо субъекти керектүү документтерди (документти) тапшырбаса, аккредитациялоо жөнүндө арыз кароосуз калтырылат жана ал жөнүндө аккредитациялоо субъектине жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүлөт.
16. Аккредитациялоо субъекттерине баалоо жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу орган аккредитациялоо субъекттери иштеген аймакта эксперттик топторду түзөт жана алардын курамын бекитет.
17. Аккредитациялоону төмөнкү аккредитациялоо боюнча комиссиялар (мындан ары – Комиссия) жүргүзөт:
– турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызмат көрсөтүүчү интернат тибиндеги балдар мекемелерин аккредитациялоо үчүн Комиссия;
– майыптыгы бар адамдарга (балдарга) жана улгайган жарандарга кызмат көрсөтүүчү стационардык, жарым-жартылай стационардык социалдык тейлөө мекемелерин (уюмдарын) аккредитациялоо үчүн Комиссия.
18. Эксперттик топтор көрсөтүлүүчү кызматтардын белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн баалайт, аныктайт жана ыйгарым укуктуу органга аккредитациялоо субъектин баалоо жөнүндө отчет берет.
Бир аккредитациялоо субъектин баалоонун узактыгы (отчетту түзүү менен) жети жумуш күндөн ашпоого тийиш.
19. Ыйгарым укуктуу орган арыздын, берилген документтердин, эксперттик топтун отчетунун жана анын сунуштамаларынын, аккредитациялоо субъекти берген өзүн-өзү баалоо жөнүндө отчеттун негизинде корутунду даярдайт жана Комиссиянын кароосуна киргизет.
20. Ыйгарым укуктуу орган аккредитациялоо субъектин баалоонун жыйынтыгы боюнча жети жумуш күндүн ичинде материалдарды Комиссиянын кароосуна киргизет.
Комиссия баалоонун натыйжаларын жана аккредитациялоо субъекти тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатына ылайык келүүсү жөнүндө корутундуну карайт жана алар келип түшкөн учурдан тартып он эки жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө аккредитациялоо же аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Комиссия төмөнкү учурларда аккредитациялоо субъектин аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат:
– көрсөтүлгөн кызматтар мекемелерде балдарды багуу, тарбиялоо, өнүктүрүү жана социалдаштыруу, ошондой эле стационардык, жарым-жартылай стационардык мекемелерде майыптыгы бар адамдарга (балдарга) жана улгайган жарандарга кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү минималдык стандарттарга ылайык келбегенде (мындан ары – минималдык стандарттар);
– көрсөтүлгөн кызматтардын белгиленген минималдык стандарттардын талаптарына ылайык келүүсү боюнча эксперттик топтун баалоосунун терс натыйжаларында.
Баалоонун натыйжасын жана аккредитациялоо субъекти тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатынын ылайык келүүсү жөнүндө корутундуну кароодо Комиссия эксперттик топту ишке тарта алат.
21. Комиссиянын чечиминин негизинде ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси жети жумуш күндүн ичинде аккредитациялоо же аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
22. Ыйгарым укуктуу орган кабыл алынган чечимдин негизинде эки жумуш күндүн ичинде аккредитациялоо субъектинин жетекчисине аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктү үч жылдык мөөнөткө берет.
23. Аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк так отчеттуулуктагы документ болуп эсептелип, эсептик номери бар, ушул Жобонун тиркемесине ылайык форма боюнча толтурулат.
Аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн бланктарын сатып алууну, эсепке алууну жана сактоону ыйгарым укуктуу орган жүзөгө ашырат.
24. Аккредитацияланган аккредитациялоо субъекти жайгашкан жери же аталышы өзгөргөнүнө байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодон өткөн учурда, 14 календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсүн берүү менен аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктү кайра тариздөө жөнүндө арыз менен кайрылууга милдеттүү.
25. Аккредитациялоо үчүн кайрадан арыз тапшыруу ушул главада белгиленген тартипте жана мөөнөттө, аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн жарактуу мөөнөтү аяктаганга чейин эки айдан кечиктирбестен жүргүзүлөт.
26. Ыйгарым укуктуу органдын аккредитациялоодон баш тартуу тууралуу чечими кызыкдар жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык даттанылышы мүмкүн.
4-глава. Эксперттик топтун ишин уюштуруу
27. Эксперттик топтор ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнүн, билим берүү, саламаттык сактоо, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө, архитектура-курулуш иши, өрт коопсуздугу, ички иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик аймактык органдардын кызматкерлеринен, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрүнөн түзүлөт.
Зарыл болгон учурда эксперттик топко мамлекеттик органдардын жана коммерциялык эмес уюмдардын башка өкүлдөрү да тартылышы мүмкүн.
Аккредитациялоо субъекттерине баалоо жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу орган эксперттик топ үчүн методикалык көрсөтмөлөрдү түзөт жана бекитет.
28. Эксперттик топтун төрагасы болуп ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси эсептелет.
Эксперттик топтун төрагасы төмөнкү функцияларды аткарат:
– эксперттик топтун ишинин планын жана графигин бекитет;
– аккредитациялоо субъекттерин баалоо үчүн эксперттик топтун ишин уюштурат;
– эксперттик топтун ишин уюштуруу жана аккредитациялоо субъекттеринин ишин баалоо жөнүндө берилүүчү отчеттордун аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
29. Баалоонун жыйынтыгы боюнча эксперттик топтун мүчөлөрү өз ыйгарым укуктарынын чегинде эксперттик топтун төрагасына корутундуну берет.
Эксперттик топтун мүчөлөрүнүн корутундуларынын негизинде эксперттик топтун төрагасы баалоо жөнүндө отчетту жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатынын минималдык стандарттарга ылайык келүүсүнө корутундуну даярдайт.
30. Баалоо жөнүндө отчетко жана аккредитациялоо субъекти тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатынын минималдык стандарттарга ылайык келүүсүнө корутундуга эксперттик топтун төрагасы жана мүчөлөрү кол коёт.
5-глава. Комиссиянын ишин уюштуруу
31. Комиссиянын курамын ыйгарым укуктуу орган ыйгарым укуктуу органдын жана билим берүү, саламаттык сактоо, ички иштер, архитектура-курулуш иши, өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдардын кызматкерлеринин эсебинен бекитет. Комиссия тогуз мүчөдөн турат.
Зарыл болгон учурда Комиссияга мамлекеттик органдардын жана коммерциялык эмес уюмдардын башка өкүлдөрү да тартылышы мүмкүн.
32. Комиссиянын төрагасы болуп ыйгарым укуктуу органдын балдарды коргоо, майыптыгы бар адамдар (балдардын) жана улгайган жарандар маселесин тейлеген жетекчисинин орун басары эсептелет.
Комиссиянын төрагасы төмөнкү функцияларды аткарат:
– Комиссиянын ишине жетекчилик кылат;
– Комиссиянын жыйналыштарында төрагалык кылат жана анын ишин уюштурат;
– Комиссиянын жыйналыштарынын күн тартибин бекитет;
– Комиссиянын жыйналыштарында чечүүчү добуш берүү укугу менен добуш берет;
– Комиссиянын жыйналышынын датасын белгилейт жана жыйналыштын протоколуна кол коёт;
– Комиссиянын катчысы тарабынан отчеттун жана аккредитациялоонун жыйынтыктарынын ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жайгаштырылышын контролдоону камсыз кылат.
33. Комиссиянын төрагасынын эки орун басары болот. Биринчи орун басары ыйгарым укуктуу органдын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, экинчи орун басары – коммерциялык эмес уюмдун өкүлү болот.
Комиссиясынын төрагасынын биринчи орун басары:
– Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
– Комиссиянын төрагасы жок учурда анын милдеттерин аткарат;
– Комиссиянын төрагасы жок учурда Комиссиянын жыйналышынын протоколуна кол коёт;
– Комиссиянын чечимдеринин аткарылышын контролдоону камсыз кылат.
Комиссиянын төрагасынын экинчи орун басары:
– Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
– Комиссиянын жыйналышында кароо үчүн материалдардын өз убагында даярдалышына көмөктөшөт.
34. Комиссиянын иши ыйгарым укуктуу органдын түзүмдүк бөлүмүндө туруктуу иштеген катчы тарабынан уюштурулат. Комиссиянын катчысы добуш берүү укугуна ээ эмес.
Комиссиянын катчысы төмөнкү функцияларды аткарат:
– Комиссиянын жыйналышында кароо үчүн материалдарды даярдайт;
– жыйналышка үч жумуш күн калганга чейин Комиссиянын кароосуна коюлуучу маселелер боюнча материалдар менен тааныштыруу үчүн Комиссиянын мүчөлөрүнө күн тартибин, эксперттик топтун баалоосун жана корутундуларын жиберет, Комиссиянын мүчөлөрүнө жыйналыштын датасы жөнүндө кабарлайт;
– Комиссиянын төрагасынын жана төрагасынын биринчи орун басарынын тапшырмаларын аткарат;
– Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүүгө жоопкерчилик тартат;
– Комиссиянын жыйналышынын протоколун түзөт жана тариздейт, протоколдон чечимдин көчүрмөсүн даярдайт;
– ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына отчетту жана аккредитациялоонун жыйынтыктарын жайгаштырат.
35. Комиссиянын коммерциялык эмес уюмдан кошулган өкүлдөрү ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрылып, Комиссиянын курамынан өз каалоосу менен чыга алышат.
36. Комиссиянын курамынан мамлекеттик органдан жана коммерциялык эмес уюмдан кошулган мүчөлөрү Комиссиянын төрагасынын сунушу боюнча ыйгарым укуктуу органдын чечими менен төмөнкү учурларда чыгарылышы мүмкүн:
– Комиссиянын жыйналыштарына жүйөлүү себепсиз үч жолу катары менен катышпаганда (жүйөлүү себеп болуп төмөнкүлөр эсептелет: ишке жарамсыздык мезгили, иш сапарында болуу, эмгек өргүүсү, окуу);
– Комиссиянын жыйналыштарында жүрүм-турумдун моралдык-этикалык ченемдерин сактабаганда.
Ыйгарым укуктуу органдын чечими менен мамлекеттик органдын же коммерциялык эмес уюмдун башка өкүлдөрү комиссиянын курамынан чыгарылган мүчөлөрдүн ордуна алмаштырылат.
37. Эгерде Комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү катышса, Комиссиянын жыйналышы мыйзамдуу болуп саналат. Комиссиянын мүчөлөрү жыйналышка алмаштыруу укугу жок катышат.
38. Кворум жок учурда Комиссиянын төрагасы ишти кароо мөөнөтүн беш жумуш күндөн ашпаган мөөнөткө узартуу тууралуу чечим кабыл алат.
39. Комиссиянын чечими кворум болгон учурда Комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүк жөнөкөй добушу менен ачык добуш берүүдө кабыл алынат жана протокол менен таризделет.
Комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштары тең чыккан учурда, төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп эсептелет.
Комиссиянын жыйналышынын протоколуна төрагалык кылуучу жана Комиссиянын мүчөлөрү кол коёт.
40. Протокол каралып жаткан маселе боюнча Комиссиянын жыйналышы өткөрүлгөн датасы жана орду, ишти кароого катышкан адамдардын келгендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү жана алардын түшүндүрүүлөрүн кыскача жазуу менен, ошондой эле арызды кароонун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимди көрсөтүү жана ага даттануу тартибин түшүндүрүү менен түзүлөт.
6-глава. Аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн жарактуулугун токтотуп туруу, калыбына келтирүү, токтотуу
41. Аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү төмөнкү учурда ыйгарым укуктуу органдын чечими менен токтоп турат:
– укук коргоо, мамлекеттик жана муниципалдык органдардан аккредитациялоо субъекти тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулгандыгын ырастаган маалыматтар алынганда;
– аккредитациялоо субъектинин ишине мониторинг жүргүзүүнүн натыйжасы боюнча аныкталган бузуулар болгондо.
Аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн жарактулуугун токтотуп туруу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган аккредитациялоо субъектине аныкталган бузууларды бир айдын ичинде жоюу зарылдыгы жөнүндө билдирет.
42. Токтотулуп турган аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн же укук коргоо органынын аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн жарактуу мөөнөтүн токтотуп турууга алып келген себептер жоюлганын ырастаган тиешелүү корутундусу алынган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө ыйгарым укуктуу органдын чечими менен калыбына келтирилет.
43. Аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн жарактуулугу төмөнкү учурда токтотулат:
– аккредитациялоо субъекти тиешелүү юридикалык документтерди берүү менен мекеменин ишин токтотуу жөнүндө арыз бергенде;
– аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүнүн токтотулушуна алып келген бузуулар жана себептер (жагдайлар) жоюлбаган учурда;
– аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү аяктаганда;
– соттун актысы күчүнө киргенде.
44. Аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн токтотуу ушул Жобонун 43-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыккан күндөн тартып он төрт жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
45. Ыйгарым укуктуу орган аккредитациялоо субъектине чечим кабыл алынган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде токтотуунун себептерин көрсөтүү менен, аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү токтотулгандыгын билдирет.
46. Ыйгарым укуктуу органдын аккредитациялоо же аккредитациялоодон баш тартуу, аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктү берүү, жарактуулук мөөнөтүн токтотуп туруу, токтотуу, калыбына келтирүү, узартуу, аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн дубликатын берүү жөнүндө чечими беш жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына милдеттүү түрдө жарыяланат.
47. Ушул Жобонун 5-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн аккредитациялоо субъекттерин аккредитациялоодон баш тартылган же аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн жарактуулугу токтотулган учурда ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү көрсөтүлгөн уюмда камкорчулукка алынгандарды Кыргыз Республикасынын социалдык тейлөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык башка аккредицияланган уюмга которот.
7-глава. Аккредитацияланган аккредитациялоо субъекттерине
мониторинг жүргүзүүнүн тартиби
48. Ыйгарым укуктуу орган жана ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү аккредитацияланган аккредитациялоо субъекттерине жыл сайын мониторинг жүргүзөт.
49. Аккредитацияланган аккредитациялоо субъекттерине мониторинг турмуштук оор кырдаалда турган балдардын жана майыптыгы бар адамдардын (балдардын), улгайган жарандардын укуктарын жана таламдарын коргоону камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырылат.
50. Ыйгарым укуктуу орган мониторинг жүргүзүү үчүн отчеттун формасын жана мониторинг жүргүзүү графигин бекитет.
51. Ыйгарым укуктуу орган мониторингдин жыйынтыгы боюнча жазуу жүзүндө отчет түзөт жана аны ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырат.