Редакцияот 06.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Раззаков шаардык кеңешинин (кезексиз XVIII сессиясы)

2026-жылдын 6-марты № 9

 Раззаков шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 18-июлундагы №4 токтомуна  өзгөртүү жана толуктоолорду  киргизүү жөнүндө

 

Раззаков шаарынын мэриясынын “Муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө жана мамлекеттик менчик объекттерин жер тилкелери менен муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап  

«Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,10,19-беренелерине ылайык, Раззаков шаардык Кеңеши буйрук кылат:

                                                        

  1. Раззаков шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 18-июлундагы №4 токтомунун 2-пунктунда көрсөтүлгөнРаззаков шаарынын Кирпичная көчөсүндөгү Лейлек райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы үчүн ажыратылган 2000 чарчы метр жер тилкесин Лейлек райондук прокуратурасына жаңы административдик имарат куруу үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Лейлек райондук прокуратурасы бүгүнкү күндө пайдаланып жаткан административдик имаратын жер тилкеси менен муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.

 

  1. Лейлек райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына Раззаков шаарынын аймагынын  бош  жеринен мөөнөтсүз пайдалануу үчүн  жер тилкеси бөлүнүп берилсин.

 

  1. Тийешелүү иш-кагаздарын Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүү жагы Раззаков шаарынын мэриясына тапшырылсын.

 

  1. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын.

 

  1. Ушул токтом  кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, жерлер жана айыл чарба тармагы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

Төрага                                                                                              С.А.Саматов