Редакцияот 25.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 25-февралы № 207-VIII

Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин төрагасын, Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасын, Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин төрагасын, Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасын, Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 5 депутатынан турган эсептөө комиссиясы түзүлсүн.

2. Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү депутаттар шайлансын:

Б.К.Аманова - "Эл үмүтү - Ата Журт" депутаттык тобунан;

Э.К.Тайгараева - "Элдик" депутаттык тобунан;

Н.Т.Торобекова - "Адилет Кыргызстан" депутаттык тобунан;

Б.А.Эргешов - "Ынтымак - Мекенчил" депутаттык тобунан;

Ч.З.Эсенаманова - "Ала-Тоо" депутаттык тобунан.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

М.А. Маматалиев