УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Уч-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги XV сессиясы
2026-жылдын 28-январы № 01-06/05
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы кайра болуштуруу фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби туралуу комиссия курамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы №1977- III токтому менен бекитилген типтуу жобого ылайык, Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы кайра болуштуруу фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби туралуу комиссия курамына өзгөртүүлөр жана толуктооло киргизүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап чыгып, Үч-Коргон айылдык кеңеши токтом кылат:
- Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы кайра болуштуруу фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби туралуу ижарага берүү, тооруктарды өткөрүү, аукцион, конкурс, түз берүү ж.б.у.с. шарттарды бекитилген Типтүү жобого ылайык, айыл өкмөтүнүн алдында төмөнкүдөй комиссия курамы бекитилсин.
Төрага: И.Худойбердиев орун басар.
Катчы: Б.Исаков жер адиси.
Мүчөлөрү: И.Эргашев депутат
С.Каратаева депутат
Ф.Джалалов депутат
К.Абдурахманов жер адиси
А.Рахматуллаев ФЭБ башчы
А.Нурмаматов салык бөлүмү
Ф.Абдураимов инвестиция адиси
Ш.Таджибаев айыл башчы
Н.Саматов айыл башчы
Т.Артыков айыл башчы
М.Кадыров айыл башчы
С.Халмуратов айыл башчы
А.Жолдошев Кадамжай райондук агрардык
өнүктүрүү департаментинин
башчысы (макулдугу менен).
- Комиссия курамына айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы кайра болуштуруу фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобого ылайык мыйзам чегинде иш алып баруу жагы тапшырылсын.
- Бул токтом Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн расмий uchkorgon.gov.kg. веб-сайтында жарыялансын.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Д.Ахуновага милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Агрардык жана айыл чарба” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Б.Бердибаев |