Редакцияот 20.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Уч-Коргон айылдык кеңешинин кезексиз XVI сессиясы

 

2026-жылдын 20-февралы № 01-06/15

 Үч-Коргон Муниципалдык ишкасынын пайдалануусундагы атайын техникаларынын тарифтерин бекитүү  жөнүндө.

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, Үч-Коргон айылдык кеңеши токтом кылат:

1.            Үч-Коргон Муниципалдык ишкасынын пайдалануусундагы атайын техникаларынын тарифтери №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2.            Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.

 

3.            Бул токтом Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн расмий uchkorgon.gov.kg. веб-сайтында жарыялансын.

 

4.            Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Д.Ахуновага милдеттендирилсин.

 

5.            Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

6.            Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин финанс жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

              

 

 

 

 

 

Төрага

 

Б.Бердибаев

 

 

Үч-Коргон айыл кенешинин 2026 –жылдын ___-  № ____  токтомуна

 №1  тиркеме

 

 

 

№

Атайын техникалардын аталышы

Мото/саат

Тарифи сом менен

Кошумча куюлучу майы. (жолдун жакын узактыгына карап белгиленет)

1.             

Автогрейдер Дз-98В9м2

1

3000 сом

20л-50л

2.             

Трактор Беларус 82,1

1

2200 сом

10л-30л

3.             

SHANTUI 388-2

1

2200 сом

10л-30л

 

 

 

Катчы: Д.Ахунова