УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Уч-Коргон айылдык кеңешинин кезексиз XVI сессиясы
2026-жылдын 20-февралы № 01-06/16
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында таштандыларды чыгаруу жыйымын белгилөө жөнүндө.
Айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин” 9-статьясынын, 12-статьясынын 1-пунктуна таянып, Үч-Коргон айылдык кеңеши токтом кылат:
- Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы таштандыларды чыгаруу жыйым өлчөмү 2026-жылга 100 (жуз) сом болуп бекитилсин.
- Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
- Бул токтом Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн расмий uchkorgon.gov.kg. веб-сайтында жарыялансын.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Д.Ахуновага милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин финанс жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Б.Бердибаев |