Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 28-январы № 66/ХV-29
Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджетин жана 2027-2028-жылдарга бюджеттин божомолун бекитүү жөнүндө
Ак-Кудук айылдык кеңешинин сессиясында Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджетин жана 2027-2028-жылдарга бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө маселени карап чыгып Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102-беренесине жана“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин сессиясында карап чыгып, сессия жергиликтүү бюджеттин чыгашалары аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө багытталгандыгын белгилейт, анда жергиликтүү бюджеттин акча каражаттары, статьяларда жана бөлүмдөрдө каралган.Айыл өкмөтүнүн бюджети бюджеттик угууларда кеңири талкууланган. Бюджеттин долбооруна бюджеттик угууларда, бюджет, финансы, экономика, салыктар, инвестициялар жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын отурумунда айтылган сунуштарды, сын-пикирлерди эске алуу менен өзгөртүүлөр киргизилди, жогоруда айтылгандардын негизинде Ак-Кудук айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн 2026-жылга каралган бюджети бекитилсин:
- киреше бөлүгү боюнча- 54934,7 миң сом.(Тиркеме1)
- чыгаша бөлүгү боюнча-54934,7 миң сом. (Тиркеме 2)
Анын ичинде бюджеттик эсеп боюнча-49292,7 миң сом:
-аппарат-12995,7 миң сом.
–коомдук тартип-68,0 миң сом.
- Жайыт - 159,0 миң сом
-ТЖЧ – 15572,2 миң сом.
- китепканалар – 1181,5 миң сом.
- клубдар – 3738,6 миң сом.
-бала бакчалар- 1582,5 миң сом.
-мектептер –11575,2 миң сом.
-социалдык камсыздоо – 2420,0 миң сом.
Анын ичинде атайын эсеп боюнча 5642,0 миң сом
– бала бакчалар-5642,0 миң сом.
2. 2025-жылы толук каржыланбаган чыгашалар 2026-жылга бюджетте каралган ассигнованиелердин эсебинен жана чегинде гана компенсациялана тургандыгы белгиленсин.
3. Муниципалдык уюмдарга жана мекемелерге казыналык системасын четтеп өтүү менен бюджеттик жана атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын
4. Айыл өкмөтүнүн башчысына айылдык кеңештин депутаттары менен макулдашуу боюнча кирешелердин болжолдон ашыкча түшүүсүнүн, кирешелердин чыгымдардан ашып кетишинин эсебинен бекитилген бюджетке өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду киргизүү укугу берилсин.
5. Финансы-экономикалык бөлүм бюджетти аткаруу процессинде киреше бөлүгү ашыра аткарылганда бул каражаттарды Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан социалдык маселелерди чечүү боюнча коюлган милдеттерди ишке ашырууну пайдаланууну караштыруу, атап айтканда улуттук жана мамлекеттик программаларды, Министрлер Кабинетинин токтомдорун, райондук мамлекеттик администрациянын токтомдорун, айылдык кеңештин токтомдорун ишке ашырууга, муниципалдык кызматчыларды сыйлоого, коммуналдык кызматтар боюнча карыздарды жоюуга,зарыл болгон учурда өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга, ЖӨБОго убактылуу финансылык жардам көрсөтүүгө, ошондой эле башка сатып алууларга жана чыгымдарга.
6. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо шартын жогорулатуу максатында арыздардын түшүшүнө жараша жана турак жай-тиричилик шарттарын изилдөөнүн маалыматтары боюнча 5000 сомго чейинки өлчөмдө материалдык жардам көрсөтүлсүн.
Турмуштук оор кырдаалда каржылоону кырдаалга жараша көбөйтүү.
7. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына ата-энелердин взносторунун эсебинен күнүнө 10 сомдон тамактануу нормативи бекитилсин.
8. 2027-жылга болжол кирешелер жана чыгашалар боюнча 59 348,8 миң сом суммасында, 2028-жылга кирешелер жана чыгашалар боюнча 64 175,8 миң сом суммасында жактырылсын.
9. Жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 100,0 миң сом суммасында бекитилсин.
10. Штаттык ырааттамага ылайык эмгек акы фондунун лимити бекитилсин.
11. Штаттык ырааттама 3-6-тиркемеге ылайык бекитилсин.
12. Демберүүчүмүнөздөгү айсайынкы үстөк акыларды бекитүү:
- башкаруу аппараты бөлүмү боюнча 1шт. Бирдик ТОП-7,0 миң сом;
- ТЖЧ бөлүмү боюнча 5 даана бирдик ТОП жана МОП – 7,5 миң сом;
13. 2026-жылга сатып алуулар планын бекитүү.
14. Ичүүчү сууну берүү үчүн насостук станциялардын электр энергиясын керектөөсү үчүн акы төлөөгө жана таштанды ташуучу унаны кармоого "Ак-Кудук" МИсин кошумча каржылоого 3000,0 миң сомсубсидия берүү каралсын.
15. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнө жана Ак-Кудук айылдык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, салыктар, инвестициялар жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
| Дж. Маванкуй |