Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 28-январы № 67/ХV-29
Киров жалпы билим берүү орто мектебине Даир Асановдун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик адмиинистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34,39-беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссия жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы №244 токтому, 2026-жылдын 19-январындагы Киров ЖББОМнин педагогикалык кызматкерлеринин жана ата-энелер коомчулугунун протоколунун негизинде Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Советтер Союзунун баатыры - Даир Асанович Асановдун ысымы Киров жалпы билим берүү орто мектебине ыйгарылсын.
2. Киров жалпы билим берүү орто мектебинин фирмалык аталышы “Даир Асанович Асанов атындагы жалпы билим берүү мектеби” деп аталсын. Кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде -“Д.А.Асанов атындагы ЖБББ” м-си
- на официальном языке- “ОШ имени Д.А.Асанова”
3. Киров жалпы билим берүү мектебине Дайыр Асановдун ысымын ыйгаруу боюнча бардык тиешелүү болгон иш кагаздарды талапка ылайык келтирүү үчүн мамлекеттик мекемелер менен мыйзамдуу иш чараларды алып баруу жагы мектеп директору Ш.Ш.Уруновго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
5. Жооптуу катчы Исакова Ч.Н. бул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Ак-Кудук айылдык кенешинин бюджет, каржы, экономикалык өнүктүрүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| Дж. Маванкуй |