Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 24-марты № 190
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартибин иретке келтирүү максатында, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жободо:
- 4-пункттун 6-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 6-пункт "Мекен-карт" деген сөздөрдөн кийин ", турган жери боюнча каттоого туруу" деген сөздөр менен толукталсын;
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Кыргыз Республикасынын аймагына визасыз тартипте келген чет өлкөлүк жарандар, Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, белгиленген тартипте кайрылуу берген шартта Кыргыз Республикасынын аймагында болууга укук берүүчү тиешелүү документтерди тариздөө үчүн ыйгарым укуктуу органдарга кайрылууга укуктуу.";
- 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"Уруксат берүүчү документтерди тариздөөсүз Кыргыз Республикасынын аймагында болуунун белгиленген мөөнөттөрүнөн ашып кеткен этникалык кыргыздарга, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайына, жашы жете элек балдарына) этникалык таандыктыгын документ түрүндө ырастаган учурда уруксат берүүчү документтерди тариздөө жолу менен укуктук статусун легалдаштыруу максатында кирген күндөн тартып 30 жумуш күндүн ичинде бир жолу кирүүгө укук берилет.";
- 14-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Айрым чет мамлекеттердин жарандарына "Манас" эл аралык аэропорту аркылуу же "Электрондук виза" порталынын жардамы менен киргенде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын лицензиясы бар оюн-зоок жайынын өтүнүчү болгондо жөнөкөйлөтүлгөн тартипте 7 күнгө чейинки жарактуу мөөнөтү менен тийиштүү категориядагы виза алууга укук берилет.
Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн адамдарга визаларды тариздөө визаларды берүү жана тариздөө маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Жарандары Кыргыз Республикасына жөнөкөйлөтүлгөн тартипте кирүүгө укуктуу болгон чет мамлекеттердин тизмеси тышкы иштер, экономика жана коммерция, ошондой эле улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын биргелешкен буйругу менен бекитилет.";
- 151-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"151. Туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасына туристтердин уюшулган топтору менен келген Кытай Эл Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынан чыгып кеткен күндөн тартып 21 күн өткөндөн кийин визасыз тартипте кайра кирүү укугу менен 21 күнгө чейинки мөөнөттө визасыз режимде боло алышат.
Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн адамдар, пайда болгон форс-мажордук жагдайлардан тышкары (тиешелүү документтер менен ырасталганда жаратылыш кырсыктары, өзгөчө кырдаалдар, кырсыктар, адам объективдүү түрдө Кыргыз Республикасынын аймагынан өз убагында чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган оорунун оор түрлөрү), Кыргыз Республикасынын аймагында андан ары болууга укук берүүчү визаларды жана уруксат берүүчү документтерди тариздөө үчүн кайрылууга укуксуз.";
- 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16. Кытай Эл Республикасынын Макао жана Гонконг Атайын административдик райондорунун туруктуу жашоочулары (жарактуу жол жүрүү документинин ээлери) Кыргыз Республикасынан чыгып кеткен күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин кайра кирүү укугу менен 30 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз тартипте жүрө алышат.
Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн адамдар, пайда болгон форс-мажордук жагдайлардан тышкары (тиешелүү документтер менен ырасталганда жаратылыш кырсыктары, өзгөчө кырдаалдар, кырсыктар, адам объективдүү түрдө Кыргыз Республикасынын аймагынан өз убагында чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган оорунун оор түрлөрү), Кыргыз Республикасынын аймагында андан ары болуу укугун берүүчү визаларды жана уруксаттарды тариздөө үчүн кайрылууга укуксуз.".
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 27-мартындагы № 23 (3783) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |