Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-мартындагы № 204
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
экспорттук контролдоо жана лицензиялоо чөйрөсүндөгү
айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон уруксат документтерин берүүнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана административдик процесстерди автоматташтыруу максатында, «Экспорттук контроль жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 157 «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын уруксат жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын уруксат жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндө жободо:
– 5-пунктта:
7-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«7) санарип документи – өзгөрүлбөстүгү идентификациялоо тутумунун эрежелерине ылайык пайдаланылуучу санарип кол тамгасынын же идентификатордун жардамы менен камсыз кылынуучу санарип жазмасы;»;
15-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«15) санарип кол тамгасы – санарип таризиндеги башка маалыматка кошулган жана (же) аны менен логикалык жактан байланышкан жана санарип документинин өзгөрбөстүгүн камсыз кылуу жана санарип документинин авторун аныктоо үчүн пайдаланылган санарип таризиндеги маалымат;»;
– жогоруда аталган Жобонун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 573 «Кыргыз Республикасында контролго алынуучу продукцияга экспорттук контролду жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында контролго алынуучу продукцияга экспорттук контролду жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө жободо:
– 1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 81-пункт менен толукталсын:
«81. Тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашырууда контролго алынуучу продукцияга таандык болбогон товарлардын тизмеси экспорттук контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет жана бажы операцияларын жүргүзүүдө жана бажы контролун жүргүзүүдө товарларды алгачкы идентификациялоо максатында сунуш берүүчү мүнөзгө ээ.».
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июнундагы № 349 «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн электрондук уруксат жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн электрондук уруксат жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндө жободо:
– 4-пунктта «Tulpar System» деген сөздөр алып салынсын;
– 6-пунктта:
расмий тилдеги 2-пунктчада «ИСЭО» деген сөз «ИСЕО» деген сөзгө алмаштырылсын;
4, 5-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4) идентификациялык корутунду – контролго алынуучу товарлардын тизмесине киргизилген продукцияга тышкы экономикалык иштин объектисинин таандыктыгын же таандык эместигин белгилеген, ошондой эле ага экспорттук контролдоо жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларынын колдонулушун аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү документ;
5) БТМС оператору – кайрылуулар менен иштөө боюнча сервис-борбордо иштеген, уруксат документин алууга арыздарды кабыл алуу жана каттоо, электрондук арызды түзүү жана кол коюлган уруксат документин берүү функцияларын аткарган адам;»;
11, 12-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«11) кагаз жүзүндөгү уруксат документи – кош багыттагы продукцияны экспорттоого/импорттоого/транзиттөөгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген белгиленген формадагы кагаз жүзүндө таризделген документ (лицензия, уруксат);
12) түшүндүрмө – тышкы экономикалык иштин объекттерине карата экспорттук контролдоо жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын колдонуу маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү камтыган, БТМСда түзүлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын документи (каты);»;
14-пунктчада «мобилдик телефондоруна СМС-билдирүүлөрдү жана/же» деген сөздөр алып салынсын;
15-пунктчада «Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«7. Онлайн-сервис: https://signup.trade.kg/ тышкы экономикалык иштин бардык катышуучуларына уруксат жана башка керектүү документтерди алууга арыз берүү үчүн БТМСда онлайн катталууга мүмкүндүк берет.»;
– 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«10. ТЭИ катышуучусу үчүн БТМС интерфейси арызды «Бирдиктүү терезе» борборуна кайрылбастан, ТЭИ катышуучусунун өзү тарабынан түздөн-түз тариздөө мүмкүндүгүн камсыз кылуу үчүн түзүлгөн.»;
–11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«11. ТЭИ катышуучусу тарабынан электрондук уруксат документин алуу үчүн БТМСга электрондук арызды берүү төмөнкү ыкмалар менен жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) БТМС веб-интерфейсинин жардамы менен электрондук арызды өз алдынча берүү;
2) «Бирдиктүү терезе» борборунун аралыктагы оператору аркылуу онлайн берүү;
3) «Бирдиктүү терезе» борбору аркылуу берүү. Бул учурда БТМС оператору арызга тиркелген документтердин сапатын (окулуучу, таза, механикалык бузулуулары жок же бүтүндүгү бузулбаган) алдын ала текшерет. Арызга тиркелген коштомо документтердин сапатына сын пикирлер жок болгон учурда БТМС оператору ТЭИ катышуучусун БТМСда каттайт, арыздын электрондук версиясын түзөт, өзүнүн санарип кол тамгасы менен кол коет жана БТМСга арыз берет.»;
– 21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«21. Документтер БТМС аркылуу тапшырылган учурда берилген документтердин көчүрмөлөрүнүн ар бир барагы арыз ээсинин колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Документтер жеке кабинет аркылуу тапшырылганда кол тамга жана мөөр менен күбөлөндүрүү талап кылынбайт. Чет тилдерде түзүлгөн документтерге белгиленген тартипте мамлекеттик же расмий тилдерге нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормолор тиркелет.
Арыз ээси берилген документтердин аныктыгы, котормонун тууралыгы жана толуктугу, ошондой эле котормонун түп нускага шайкештиги үчүн жеке жоопкерчилик тартат.»;
– 25-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«25. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган-эксперт электрондук арыз катталган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде билдирилген товарды идентификациялоо үчүн берилген коштомо документтерге экспертиза жүргүзөт жана ушул Жобонун 2, 3, 4-тиркемелерине ылайык формалар боюнча идентификациялык корутундунун долбоорун же аны берүүдөн жүйөлөштүрүлгөн баш тартууну даярдайт. Түзүлгөн документ ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган-эксперттин тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ болгон кызмат адамынын кол коюусуна берилет жана арыз ээсине БТМС аркылуу берилет.
Мында орган-эксперт уруксат документин берүү үчүн документтердин экспертизасы үчүн толук жоопкерчилик тартат.
БТМС аркылуу берилген идентификациялык корутундуларга автоматташтырылган талдоо жүргүзүлөт жана отчет түзүлөт, ал ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлүп турат.».
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 3-апрелинде № 25 (3785) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме
«Бирдиктүү терезе» принциби боюнча тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын уруксат жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндө жобого тиркеме |
«Бирдиктүү терезе» маалыматтык системасы аркылуу документтерди тариздөөдө өз ара аракеттенүүчү ведомстволордун/уюмдардын тизмеги
№ | Ведомствонун/уюмдун аталышы | Берилүүчү же катталуучу документтин аталышы |
1 | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоого/импорттоого лицензия |
Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоого/импорттоого уруксат | ||
Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоого/импорттоого корутунду | ||
2 | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги | ЕАЭБдин 1, 2, 3-формаларындагы ветеринардык сертификаттары |
5а, 5b, 5с, 5d, 5е, 5f, 5g формаларындагы ветеринардык сертификаттар | ||
Мамлекеттик ветеринардык контролдоо жана көзөмөлдөө тарабынан контролго алынуучу товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүгө (импорттоого), ташып чыгарууга (экспорттоого) жана транзит менен өткөрүүгө уруксат | ||
Фитосанитардык сертификат | ||
Карантиндик фитосанитардык контролдоо актысы | ||
Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоого/импорттоого корутунду | ||
3 | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги | Шайкештик сертификаты |
4 | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | Продукциянын дары каражаттарына жана медициналык багыттагы товарларга таандыктыгын ырастоочу маалымкат |
Дары каражаттарынын сапаты жөнүндө корутунду | ||
Медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутунду | ||
Баңгизат каражаттарын/психотроптук заттарды/прекурсорлорду экспорттоого/импорттоого лицензия | ||
Баңгизат каражаттарын/психотроптук заттарды/прекурсорлорду экспорттоого/импорттоого уруксат | ||
Продукцияны мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк | ||
Шайкештик жөнүндө декларация | ||
Адамдын ткандарын, канын жана анын компоненттерин, адамдын биологиялык материалдарынын үлгүлөрүн экспорттоого/импорттоого лицензия | ||
Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоого/импорттоого корутунду | ||
5 | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы | Товардын келип чыгуусу жөнүндө сертификат |
6 | Продукцияларды сертификаттоо боюнча аккредитацияланган органдар | Шайкештик сертификаты (милдеттүү) |
Шайкештик сертификаты (ыктыярдуу) | ||
Шайкештик жөнүндө декларация | ||
7 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы | Этил спиртин өндүрүүгө жана жүгүртүүгө лицензия |
Алкоголдук продукцияларды өндүрүүгө жана жүгүртүүгө лицензия | ||
8 | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги | CITES конвенциясынын колдонулушуна туура келген жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн обьекттерин, алардын бөлүктөрүн же дериваттарын Кыргыз Республикасына ташып киргизүүгө же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ташып чыгарууга уруксат |
Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоого/импорттоого корутунду | ||
9 | Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги | Шайкештик сертификаты (милдеттүү) |
Шайкештик сертификаты (ыктыярдуу) | ||
Шайкештик жөнүндө декларация | ||
10 | Эксперттик уюмдар/ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар | Үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулган товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарларды экспорттоого жана импорттоого эксперттик корутунду/уруксат берүүчү документ |
11 | Аккредиттелген контролдоо органдары | Транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүк |
12 | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги | Кызматтык жарандык куралды, анын негизги (курамдык) бөлүктөрүн жана патрондорун экспорттоого/импорттоого корутунду |
13 | Аккредитацияланган сыноо лабораториялары | Кыргыз Республикасынын лабораториялык сыноолорунун протоколу |
14 | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети | Шифрлөөчү (криптографиялык) каражаттардын жана аларды камтыган товарлардын мүнөздөмөлөрү жөнүндө нотификация |
».